БОЛГОН ОКУЯ: Жин-шайтандар башкарып алышып каалаганын жасаттырып, айлананы ызы-чуу…
Турмуш  |   |  369

Азыр телевизордо, гезиттерде "Жин ооруган менен ооругандарды дарылайм, жин чыгарам" деген жарлыкламалар көп чыга баштабадыбы. Алардын канчалык деңгээлде жин чыгараарын бир жараткан Аллах өзү билет. Ошолорду көрүп отуруп мен тээ илгери, качандыр бир мезгилде же тагыраак айтканда, бала кездеги бир окуя эсиме түшүп кетет. Анда союз аябай күчүнө кирип, динди, молдо, табыптарды катуу куугунтукка алып өзүнүн өкүмүн жүргүзүп турган маал болчу. Элдин бардыгы "Дин элдин башын айланткан апийим" деген ураан астында жашап калышкан. Айылыбызда Мөкүш деген киши бар болчу, тагыраак айтканда, жүзүнөн нур чачып турган шадылуу, бакжагай ак сакалы бар карыя. Айылдаштарыбыздын бардыгы аны Мөкүш деп коюшчу, өз аты, чыныгы аты ким экенин мен деле азыркыга чейин билбей калдым. Улуу болобу, кичүү болобу ар дайым "Ассалоому алейкум" деп биринчи салам берчү. Биз уялып калчубуз. Эч кимге зыяны жок жупуну, карапайым жүрчү. Ошондой күндөрдүн биринде атам бир ооруга чалдыкты. Эч кимге ээ-жаа бербей өз каалаганын жасап тим эле жин тийгендей кутуруп кетчү. Апам ботодой боздоп кайнага, кайнилерин чакырттырып же болбосо кошуналардын эркектерин чакыртып келип эки-үчөөлөп колун толгоп, керебетке байлап салып араң тынчтандырчубуз. Мен болсо атама боорум ооруп, ыйлай берип чарчачумун. Көрсө, ал чын эле ошондо жин оорусу менен ооруп жүрүптүр. Союз мезгилинде андайларды дароо эле жиндиканага алып кетчү эмес беле, Чүйдөгү Чым-Коргон деген айылга. Бир-эки жолу борбор тараптан врачтар, жергиликтүү милициялар ошол жакка алып кетишкени келишкенде атамдын агасы бар болчу, районодо чоң кызматта иштеген, ошонун күчү менен алып калышкан. "Жөн жайына койгула, өзүм эле айыктырып дарылайм" деп аларды кайра жөнөтүп жатканына күбө болгом. "Мейли, өзүң бил, дарылап айыктыралы десе болбодуң" деп алар колдорун шилтеше кетип калышкан. Анан эмне болду? Өзгөчө күн ысыкта атамдын жин оорусу ого бетер күчөп, бизди гана түгүл, кошуналарды да кыжаалат кылып, чарчатып жиберчү. Жин ооруган менен ооруган кишилердин кылыктарын бар-дыгы эле билет болуш керек. Аны жин-шайтандар башкарып алышып каалаганын жасаттырып, айлананы ызы-чуу кылат. Районодо иштеген атамдын агасы райондогу, анан областтагы, анан Кыргызстандагы күчтүү деген молдо, табыптарды алып келип дем салдырып, бардыгынан эч майнап чыгара албай айласы кетти. Молдолор келип атамды чоң бөлмөгө жаткырып алып дем салып жатканда, эшиктин жылчыгынан аларды акмалап карап турчумун. Молдолор келип дем сала баштаганда атам аларга баш бербей, ээ-жаа бербей ого бетер кутуруп кетчү. Алар аны жанына отургузуп алып дем сала баштаганда, атам жөн отурбай шыңкылдап күлүп, аларды чапкылап, беттерине түкүрүп, жулмалап, ой да каалаганын жасап, аябай жүдөтүп, чарчатып да жиберчү. Бир-эки саат дуба кылып, колдорунан эч нерсе келбеген тээ алыс жерден келген молдолор чарчап, тажашканда баштарын чайкаша кетип калышчу. Сыягы, атамдын ичине эң күчтүү жин-шайтандар кирип алышса керек. Канчалаган гана Кыргызстанга таанымал күчтүү деген молдолор келишти, атамды бири дагы айыктыра албай коюшту. Баягыдай эле көрүнүш, дуба окуп жатканда анын ичиндеги жин-шайтандар "чап, ур!" деп буйрук беришип, атам болсо аларды бетке-башка муштагылап, дуба окуттурбай жүдөтүп, чарчатып, анан кетирип салчу. Айла кетти, атамдын жин-шайтандары бир дагы молдо-бакшыларга баш ийбей койду. Жиндиканага өткөрүп салса ал жакта ошол боюнча чыга албай өмүрү өткөнчө дарыланып калышы мүмкүн. Ошондой күндөрдүн биринде бир күнү биздин үйгө Мөкүш молдо келди.

- Атаңдын агасын чакыргылачы, мен сүйлөшөйүн, - деп калды, апам аны жактырбай "эмнени сүйлөшмөк элең, анын тынчын алба" деп орой жооп берип койду.

- Атаңарды мен көптөн бери акмалап, байкап жүрөм, анын ичиндеги жиндерди мен чыгарып берем, - деп калды. Ага эч кимиси деле анча ишенген жок, анткени Кыргызстандагы атагы чыккан мен-мен деген күчтүү молдолор келип айыктыра албай жатса, бул айылдын жөнөкөй, жупуну молдосу кантип айыктырмак эле. Ал биздин үйгө эки-үч жолу келип жатып араң дегенде атамдын агасын алдыртып келди. Чындыгында ага үйдөгүлөр дагы, кошуналарымдын бардыгы ишенген эмес. Ал ошол күнү адаттан тыш апаппак болуп кийинип келди, колунда камчысы бар. Аябагандай каардуу, анан сүрдүү болуп көрүнүп турду. Ал атам турган бөлмөгө кирип келгенде, атам эмнегедир корголоп бурчка отуруп калды. Жанына келип дубасын окуй баштаганда, атам адегенде аны чапкыламай болду эле, камчысы менен зекий "шүк отур!" деп катуу ныгыра басып койду эле, атам шалдырай эси ооп былк эте албай отуруп калды. Ал башкача кылып дуба окуду, атүгүл узакка көпкө окуду. Атам болсо кыйшайып барып уктап жатып калды. Мөкүш молдо колундагы камчысы менен атамдын денесин сыйпалап бир нерселерди кобурап отуруп, анан ордунан туруп кетти. Атам болсо ошондон кийин дээрлик бир сутка уктады. Анан эртеси куландан соо кадимкидей калыбына келип айыгып кетти. Бүттү ошол боюнча ал экинчи андай оору менен ооруган жок. Жөнөкөй эле Мөкүш молдонун күчтүүлүгүн ошондо биринчи көрүшүм. Оо андан бери канча мезгил өтүп кетти, азыр ал киши да жок, атамдын дагы көзү өтүп кеткен. Ошондой күчтүү молдолор барбы азыр билбейм.

С.Азыков, Кочкор району

Булак: “Шамбала”

 

Поделитесь с друзьями