БОЛГОН ОКУЯ: Жаратылыштын сырдуу кубулушу, жар боорундагы окуя
Турмуш | 

Чиркин, жергебиз кандай гана керемет. Бийик-бийик ак мөңгүлүү тоолор, берметтей аккан мөп-мөлтүр таза суулар. Тоодогу ар түрдүү булактар, шаркыратмалар, ал эми көлүбүздүн кооздугу менен берекетин айтып болбойт. Өзгөчө чет элден келгендер биздин жерибиздин кооздугуна аябай таң калып да, суктанып да кетишет. Ал эми биз болсо буга анча деле маани бербей күнүмдүк жашообузду өткөрүп жатпайбызбы. Ала-Тообуз бизди өзүнүн алаканына салып калкалап алгансыйт. Ооба, кыргыздын кайсыл гана жери болбосун өзүнчө сулуулукка, кереметке, касиетке ээ. Ушундай кооз, кереметтүү жерде, өзгөчө тоо арасында жайлоодо менин балалыгым өттү. Анткени атам малчы болчу. Мен өмүрүмдү мал артында болуп ат минип жүрүп өткөрүп келатам. Ошондогу бир окуя дайыма эсимден кетпейт. Мен анда өспүрүм кезим, сыягы, ошондо алтынчы же жетинчи класста окусам керек эле. Көп эле айтылган уламыш кептерге, болуп өткөн сырдуу окуяларды укканда кээде ишенип, кээде ишенбей мыйыгымдан күлүп коюп жүрчүмүн. Анан мыңдай сырдуу окуя өз башымдан өткөндөн кийин бул жашоого болгон көз карашым таптакыр башкача болуп калды. Кыскасы, өз башымдан өткөн соң, мындай окуяларга кайдыгер карабай калдым. Али биз билбеген сырдуу нерселер турмушубузда көп эле кездешет экен да. Болгондо да күтүлбөгөн жерден. Ошондо күз айы болчу. Жайлоодо эс алып жүргөн мен сыяктуу малчылардын балдарынын бардыгы мектепке окуганы төмөнгө - айылга түшүп кетишкен. Анан мектепке барганда, жай бою жайлоодо көргөн кызыктуу нерселерин айтып берип мактанышат. Ошентип күз айы болгондуктан, кыштоонун камын көрүү максатында ата-энем айылга кеткен, мен тоо койнунда бир короо кой менен жалгыз калдым. Ооба, мен мындайга көнүп да бүткөм, мурда деле малды карап жалгыз калчумун. Эч нерседен коркпой деле калгам.

Чынында бул мен үчүн көнүмүш нерсе, корко турган эч нерсе деле жок. Күндүзү күн чайыттай эле ачык болуп, күн жаркырап тийип турган, анан эле күтүүсүз жерден шамал болуп келип асманды ала булут каптап, күн бүркөлө баштады. Кечкурун акырындап жамгыр жаай баштады, ошондон улам малды жатакка жакындатууну ылайык көрдүм. Беттеги дөңсөөгө чыгып, эки жагыма көз жүгүрттүм. Менден башка малчынын балдары койлорун өздөрүнүн жатактарына эбакта эле айдап түшүп кетсе керек, эч кимиси көрүнбөйт. Тоо бетинде жайылып жүргөн бир дагы койду көргөн жокмун. Мен дагы малды акырын төмөн карай түшүрө берсемби деп ойлонуп турдум. Анан эки жагымды каранып отуруп, күтүлбөгөн жерден тээ алыстагы аска жакты карадым. Анча бийик эмес жардын боорунда аппак болгон кичине нерсеге көзүм түштү. Акырын кунт коюп карасам, эмнегедир кез-кез кыймылдагансып кетип атты. Дароо дүрбүмдү алдым дагы ошол жакка көз жүгүрттүм. Ооба, мен жаңылбаптырмын, ошол кыймылдагансып жаткан ак нерсе бир жандыкка окшошуп кетип атты. Өзүм жаныбарларга өтө жакын болгондуктан, көрөр замат ышкыбозум кармап, жакындан көргүм келип дароо ошол жакка жөнөдүм. Атымды бери жакка байлап коюп, өзүм жарга жармашып өйдө карай таштарды кармап чыгып жөнөдүм. Анан эмне болду билесиңерби? Араңдан зорго жарга көтөрүлүп чыгып, алиги мен көргөн жерге жеткенде өз көзүмө өзүм ишенбей таң кала карап турдум. Балким, силерге калп, мага чын куштун уясында кадимки эле күчүк жатыптыр, болгондо да бүт денеси аппак, бир кара жери жок, эки көзү иттикинен башкача кара, анан өтө эле чоң. Бир аз өзүмө өзүм ишенбей таң кала карап турган соң, эмнегедир денеме кубаныч аралагансып кетти. Дароо аны ала коюп койнума тыктым дагы кайрадан төмөн карай түшө баштадым. Анын денеси өзгөчө ысык экен, менин денеме өтүп кадимкидей ысытып бара жатты. Жаанда жука кийинип анча-мынча чыйрыгып калган болчумун, анын жылуулугу мага өтүп кадимкидей ысып чыктым. Ошол боюнча төмөн карай түшүп, атыма өңөрүп боз үйгө алып келдим. Тамак берип курсагын тойгузган соң, үстүн жылуулап жаап, ата-энем келгенде аны көрсөтүп, кайдан таап алганымды айтып мактангым келди. Анан мал-жайды жайгарууга чыгып кеттим. Малдын бардыгын жайгарып бүтүп, алиги күчүктү дагы бир сыйра көрүп коймокко боз үйгө кирдим. Келип эле жер сыйпалап күчүгүмдү таппай калдым, анын ордуна болгону жалгыз куш канатынын жүнү гана калыптыр. Бир жакка жылып кетип башка жакка жатып алган жокпу деп боз үйдүн ичин түп көтөрө тинтип эч жерден таппай койдум. Акыры түңүлгөндө шалдайып эле отуруп калдым. Эртеси күнү ата-энем айылдан келгенде болгон окуяны айтып бердим. Атам бир аз угуп отурган соң, ойлоно анан жылмая мага буларды айтып берди.

- Сен алып келген ал деген күчүк эмес болчу. Куштун баласы кумайык деп аталат. Ал деген аябай кыраакы куш болот, мындайлар бир кылымда бир гана жолу туулат. Ал болгону үч күн күчүк болот да, андан кийин кушка айланат. Эгерде ошол үч күн ичинде бирөө жарым таап алып, андан кан чыгарып койсо, кыраан ал күчтөн тайбаган, өрт ит болмок. Ал чоң жырткычтарга дагы тайманбай кол салып турмак. Мейли эми болор иш болду, жакшы нерсени колдон чыгарып жиберген турбайсыңбы. Ооба, андан бери канча мезгил өттү, көчөдөн кокусунан аппак болгон күчүктөрдү көрсөм эле ошол күчүк дайыма эсиме түшө берет. Көчөдө кинодон же телевизордон көрсөм деле кайра-кайра эстей берем. Дегеле биз билбеген табияттын кандай гана кереметтүү, сырдуу табышмактары бар. Улам-улам бирди уккан сайын бизге жаңылык болуп ишенер, ишенбесиңди билбей да кетесиң. Бирок ишенүүгө туура келет, анткени жаратылыштын биз билбеген сырдуу кубулуштары толгон-токой эмеспи.

Нурлан Бекмурзаев, Нарын областы

Булак: "Шамбала"

Поделитесь с друзьями