БОЛГОН ОКУЯ: Оошуп кеткен ажал
Турмуш | 

Мен быйыл жетимишке чыктым, жолдошум (зайыбым) алтымыш беште. Эми, жашоо-турмушубузда канчалаган гана оорулар кезигишет. Жараткан өзү берген ооруга өзү шыпаа берет дегендей, берген оорусунан айыгып жашообузду улантып келе жатабыз. Мындан он жыл мурун зайыбым катуу ооруп, катуу кыйналып аз-аз жерден оо дүйнөгө узап кете жаздаган. Бул укмуштуу окуя үйдөгү тоту куш экөөнө байланыштуу. Мен алтымышка чыкканда досум мага тоту куш тартуулаган. Чындыгында мага тирүү жандык тартуулаганы мага башынан эле жаккан эмес. Анын үстүнө куш канаттуу болсо.., жылкы, кой, уй, эчки тартууласа да бир жөн, айла кеткенде союп жеп аласың. Кооз, темир торчосу менен кошо ала келиптир. Өзү баккысы келбей мага тартуулап таштадыбы деп да ойлоп коём ичимден. А балким, чын жүрөгүнөн тартуулагандыр, ким билет? Адегенде конок үйүндө илинип турчу, андан соң коридорго, анан верандага көчтү. Жайкысын болсо бастырманын алдына илип чыгарып койчубуз. Жай мезгили болчу, үй-бүлөбүз менен көлгө эс алганы кеттик. Ал жакта дээрлик бир жумадай эс алдык, арадан үч күн өткөндөн кийин бир нерсе эсиме түшө жүрөгүм болк этип алды, тоту кушка жем таштабай же бирөөлөргө дайындап койбой унутуп кетиптирбиз. Күн катуу ысык болуп бардыгыбыз көлгө шашып жатып эсибизден чыгып кетиптир. Кайра шашылыш баргыча бир сутка өтөт, төрт суткада ачкадан өлүп деле калмак.

"Эми болор иш болду, боёсу канды, Кудай өзүң кечире көр" деп эс алуубузду уланта бердик. Арадан бир жума өткөн соң үйүбүзгө кайтып келдик. Бардыгыбыздын көзүбүзгө өзүнүн торчосунда өлүп жаткан тоту куш элестеп жатты. Короого кирээрим менен эле бастырманы көздөй кадам таштадым. Көргөн көзүмө ишенген жокмун, биз кетип баратканда кандай болсо дал эле ошондой болуп сайрап турат. Кимдир бирөө буга баш-көз болуп бир жума баккандай кейиптенет. Көрсө, анын сыры мындай болуптур. Үйдүн дубалдын бетинде аарылардын уюгу бар экен. Бир жума бою ал ошол уюктан аарылардын өзүн жегенби же балын жегенби белгисиз, айтор, торчодон моюн созуп чыгарып ошого жетип жан сактаптыр. Бул бир окуясы. Ал ошол боюнча колго багылып, кез-кез сайрап коюп өзүнүн торчосунда жашоосун улантып жүрө берди. Биз бир маал жем чачып, суу берип коёбуз.

Бир күнү зайыбым катуу ооруп калды. Кан басымы көтөрүлүп доктурларга барсак дагы таптакыр түшпөй койду. Анан инсульт болуп төшөккө кулап турбай калды. Барбаган табып, доктурлар калган жок, такыр айлабыз кетти. Оорусу улам катуулап отуруп таптакыр тамак да ичпей калды. Борбордон бир врач келип карап "Бул болбой калды, ашып кетсе бир жумага гана туруштук бере алат. Андан көрө даярдана бергиле" деп жашоодон үмүттү үздүрүп, эч нерсе болбогондой кетип калды. Айлабыз куруп, эмне кыларыбызды билбей турдук. Зайыбымдын акыбалы күндөн күнгө начарлап баратты. Анткени таптакыр оозуна наар албай калган. Тамак ичпеген адам бир жумага гана араң чыдайт дегенин кулагым чалып калган болчу. Зайыбым болсо таптакыр эле тамак ичпей калган, кез-кез оозуна суу тамчылатып эле койбосок. Биздин дагы айлабыз кетип, жашоодон биротоло үмүтүбүздү үзө, зайыбым кокус оо дүйнөгө узап кетсе деп союшун, кепиндерин, боз үй даярдап, эми эмне болор экен деп Кудайдан умүт эте күтүп калдык. Анын тамак ичпегенине алты күн болуп, сүйлөбөй тилден калган. "Болду, бүттү" деп анын жашоосунан таптакыр үмүтүбүз жок болчу. Жетинчи күн болчу, түн ичинде кезек менен бала-бакырабыз болуп аны кокусунан үзүлүп кетпесин деп күзөтүп калганбыз. Ошо түнү бастырма алдындагы тоту куштун катуу чыркыраганын кулагым чалып калган. Бирок ага анча маани деле берген эмесмин. Эртең менен таңга жуук короого чыгып бастырманын астына барсам, өзүнүн торчосунда тоту куш сулап жатат. Ошондо түн ичинде чыркыраганын эстеп кеттим. Ичин ачып карасам, эбакта эле өлүп калыптыр денеси муздап. Эмне болуп өлгөнүнө таң калып жаттым. Аңгыча кызым чуркап жетип келди "апам суу сурап жатат" деп. Дароо жетип барсам, көзүн ачып мени карап бир нерсени сүйлөгөнсүдү, бирок түшүнгөн жокмун. Оозуна кичинеден суу тамыздык эле акырындап кыймылга келе баштады.

Ошо күндөн баштап оңолуунун үстүндө болду. Акырындап тамак ичип кайрадан өз калыбына келди. Кийинчерээк зайыбымдын кунандан соо болуп өзүнөн-өзү сакайып кеткенине врач өзү дагы таң калып жатпайбы. Зайыбымдын жанын ала турган ажал анын ордуна тоту куштун жанын алып оошуп кеттиби деп ойлоп коём. Анткени ал өлгөндөн кийин жолдошум көзүн ачып сүйлөп калбадыбы. Ажал кээде оошуп кетет дегенге ишенчү эмесмин. Ошол окуядан кийин ишенүүгө туура келип калды. Кээде кокусунан интернеттен же телевизордон тоту куштарды көрүп калсам ошол тоту куш эсиме түшө берет.

Табылды Ысмайылов, Нарын шаары

Булак: “Шамбала”

 

Поделитесь с друзьями