БОЛГОН ОКУЯ: Өлүп тирилген таянемдин баяны
Турмуш  |   |  328

Менин таенем токсон үчкө чыгып көз жумду. Тээ союз мезгилиндеги динге каршы жургүзгөн чоңдордун саясатына моюн сунуп келгенби, айтор, жетимиш жашка чыкканга чейин намаз окуган эмес. Жаратканыбыздын бар-жок экенине күмөн санап жүрчү. "Болду өлгөндөн кийин караңгы туңгуюкка кирип ошол боюнча жоголобуз" деп айтып калчу. Бирок ыраматылык дайыма жуунуп-чайынып таза, түз жүргөн боорукер, жоош, момун аял болчу. Неберелерин, өзгөчө жээн неберелерин аябай жакшы көрчү. Анткени биз кичинесинен бери эле ошонун колунда чоңойдук. Өз үйүбүздө жүргөндө бат эле аны сагынып кетчүбүз. "Таенемдикине барам" деп ар бир алтынчы, дем алыш күндөрү ошол жакка жөнөп калчубуз. Таятам келип алып кетчү бизди. Биринчи күнү кайра үйгө жеткирип келчү. Дегеле тажачу эмес, алар калаанын чыгыш тарабындагы Ново-Покровка деген айылда жашашса, биз калаанын батыш тарабындагы Заря деген айылда жашачубуз. Алтынчы, дем алыш күнү тынбай каттачубуз. Ал эми каникул мезгилинде дайыма ошол жакта болчубуз. Анткени алар дайыма бизди ушунчалык эркелетип, каалаганыбызды алып берип ушунчалык эрке өстүргөн. Өз үйүбүздөн атам-апамдар бизге андай мамиле жасашчу эмес да, тентек кылсак жазалап коюшчу. Таятам менен таенемдин үйүнө барганда болсо үйүн түп сапыра ойнойбуз, жети бөлмөлүү үйдүн бүт бөлмөлөрү сапырылып калчу. Иним менден да ашкан тентек болчу. Ошентсе да бизге эч ачууланышпай оюбуз менен болуша бир да жолу катуу сөз айтышкан эмес. Мен ошондо сегизинчи класста окуп калсам керек эле. Кечке маал болчу "апаң инфаркттан жүрөгү токтоп каза болуп калды" деген жаман кабар келди. Үйдөгүлөр ызы-чуу болуп эле жатып калышты, өзгөчө апам. Биз ишенээр-ишенбесибизди билбей деңдароо эле болуп туруп калдык. Баары бир анын өлгөнүнө ишенбей турдук. Жөн эле тамашалап айтып жаткандай туюлду. Ошо себептен көздөрүбүзгө жаш да алган жокпуз. Атам, апамдар бир машинага отуруп бизден мурун эле кетип калышты. Биз болсо эртеси күнү бардык. Ошо кезге чейин дегеле ишенген эмеспиз иним экөөбүз. Качан боз үйдү көргөндө, элдин топтолушуп жүргөндөрүн, таякемдин ыйлап жатканын көргөндө гана ошондо чындап ишенип иним экөөбүз ботодой боздоп сала бердик. Бизди эч ким "кой-ай" деген жок, көз жашыбызды көлдөтүп аябай ыйлап алдык. Алыскы Казакстандын Караганда шаарында эң кичүү баласы милициянын окуусунан окучу, ошону күтүп калышты бардыгы. Өлүктү чыгарбай кармап турушту. Түш ооп бараткан маал болчу, бир кезде эле тээ алыс жактан ошол таякемдин өкүрүп-бакырган үнү чыкты. Ал "апакелеп" өкүрүп-бакырып ыйлап келе жатты. Өкүрүп озондогонун айтпа, тим эле жүрөктү зыркыратат. Биз дагы чыдай албай көзүбүздөн жаш ага ыйлап жаттык. Ал ошол күүсү менен өкүрүп-бакырган боюнча боз үйгө кирип кетти. "Апакелеп" бакырып жатты. Анан эмне болду билесиңерби, балким, силер ишенбессиңер өлүп калган таенем кайра тирилип боз үйдөн чыгып келе жатпайбы. Сырттагы элдин бардыгы өз көздөрүнө өздөрү ишенбей дүргүп калышты, атүгүл чочулап корккондор дагы болду. Кыскасы, мына ушундай туугандар, эң кичүү таякем катуу өкүрүп келип таенемди кайра тирилтип алды. "Апа!" деп катуу бакырганда, таенем селт этип кетип, анан көзүн ачып кыймылга келиптир. Ошондо жамандык жакшылыкка айланып таенемдин амандыгын тилешип чоң той беришкен. Арадан көп убакыт өтпөй эле таенем намаз окуп калды. Ал өлгөндөи кийин тиги дуйнө бар экендигине чындап ишенип калыптыр. Үйгө келген кишилердин бардыгын "намаз окугула" деп үгүттөйт.

Кийинчерээк таенем менен жалгыз отурганда, "таенем силер тиги дүйнөгө барып келбедиңерби, ал жактан эмнени көрдүңөр?" деп сурап калчубуз. Ал болсо көргөн-билгендерин баян кылып айтып берчү.

- Мен тумандуу жерде кетип бараттым, ооба, айланамдын бардыгы апаппак туман болчу. Тумандын агымы менен аппак кийинишкен адамдар жай кадам таштап кетип баратышты. Мен дагы ошолордун агымы менен кошо ээрчип кетип бара жаттым. Эки жагыбызда кыдыракей отурушкан аппак кийинген адамдар, бардыгынын жүзү сулуу, жылмакай, анан нурдуу. Бири-бирин жылмаюу менен карашат. Бир кезде алды жагыбызда бийик дубалга окшош аппак болгон бир нерсе көрүндү. Бардыгы ошол жакка өтүп кетип жатышты. Мен дагы дубалга жакындан келаткам, бир кезде арт жагымдан уулумдун "апа-аа!” деп катуу бакырган үнүн уктум. Анан селт эте эсиме келип көзүмдү ачтым. Айланамды карасам, боз үйдө экемин, бала-бакыра, небере-чөбөрөлөрүм силер ыйлап отуруптурсуңар. Силер да тиги дүйнө, Кудай бар экенине ишенгиле, намаз окугула, - деп айтып калчу. Ыраматылык таенем өмүрү өткөнчө намаз окуп жүрүп, бизди да "намаз окугула" деп какшап жүрүп көзү өтүп кетти. "Ал азыр каякта болду экен деп ойлоп коём, бейишке кеттиби же тозоктобу" деп. Бейиште эле болуш керек деп ишенем. Ал экинчи жолу өлгөндө биринчи жолкусундай биз көп ыйлаган жокпуз. Анткени ал аябай картайып, чачынын баары аябай купкуу болуп, бетине катуу бырыш түшүп, жай, араң сүйлөп калган болчу, Анын тарыхы ушундай, таякемдердин үйүнө барып калганда эле ошол окуяны эсиме түшүрө берем. "Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун, жанын жаннаттан берсин" деп дуба кыла берем. Анткени ал бизди аябай эркелетип чоңойткон да.

САЛИМА Н., Бишкек шаары

Булак: “Сырдуу дүйнө”

Поделитесь с друзьями