“Болбойт” десе ишенбейт. Кыз ала качкан Жети-Өгүздүн эки тургуну кармалды
Кылмыш жана кырсык  |   |  1563

Токмок шаарынын ИИББ 19 жаштагы кызды ала качып кеткен эки жаранды кармады. Маалым болгондой, 2020-жылдын 11-январында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз РИИББне Токмок шаарынын тургуну кайрылып, анын 19 жаштагы кызын белгисиз адамдар ала качып кеткендиги тууралуу кайрылып, чара көрүүнү өтүнгөн.

Арыз ээсинин айтымында, ал кызын анын эркине каршы ала качып кеткендигин уккан замат Ысык-Көлгө бет алып, кызын Жети-Өгүз райоунундагы айылдардын биринен тапкан. Андан соң ал дароо милицияга кайрылган. Токмок ШИИББи тарабынан бул кылмышка шектелип 20 жана 27 жаштагы Ысык-Көл облусунун эки тургуну кармалып отурат. Алар убактылуу кармоочу жайга жеткирилген. Соттун чечими менен эки жаран тергөө маалында үй камагында болот.  

Булак: NazarNews.kg

 

Поделитесь с друзьями