«Боинг-747нин» кыйрашы: Дача-СУ айылындагы авиакырсыкка үч жыл болду
Адабият  |   |  547

Картинки по запросу дача суу

16-январда Сокулук районунун Дача-СУ айылындагы авиакырсыкка үч жыл болот. Кырсыкты эскерүү иш-чаралары тууралуу азырынча расмий маалыматтар жок.

Эске салсак, 2017-жылдын 16-январында Бишкектин четиндеги Дача-СУ аймагына жүк ташуучу учак кулап, 35 Кыргыз жараны жана 4 экипаж мүчөсү көз жумган.

Ал учакта 85 тонна жүк болуп, Гонконг-Бишкек-Стамбул багыты боюнча учуп бара жаткан. Бирок "учактагы жүктүн ээси ким?" деген суроого ушу күнгө чейин жооп табыла элек

Ал эми, Дача-СУ боюнча атайын эсепке элден да 100 млн сомдон ашуун акча чогулганы расмий кабарланып, бирок ал кандай тартипте бөлүштүрүлгөнү тууралуу ачык маалымат берилген эмес.

Картинки по запросу дача суу

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Поделитесь с друзьями