Биздин генералдар чиндерди акчага алган, тарыхыбызды билсе айтабы?
Коом  |   |  2543

Тажикстандын Согдий облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Абдулло Навжувонов 12-февралда өткөн пресс-конференцияда Баткен облусу кыргыздын жери эмес деп айтып чыккан.

“Бул көйгөйдү биздин бабаларыбыз мурас катары калтырды. Эгер тарыхты карап чыкса, мурун Баткен эч качан кыргыздардын жери болгон эмес. Менин бабаларым кыргыздарды алып келип, аларга жер берген. Ал эми, бүгүнкү күндө бул, биз үчүн көйгөй жаратууда”, - деп тажик генералы айткан.

Генералдын сөзү учурда социалдык тармактарда кызуу талкууну жаратууда. Колодонуучулардын көпчүлүгү тажик генералынын мындай “духуна” баа беришүүдө. Социалдык тармактын колдонуучуларынын айтымында, кыргыз генералдары чиндерди акчага сатып алган жана алар тарыхты билбейт.

“Биздин генералдар чиндерди акчага сатып алган, тарыхыбызды билсе айтабы?”,-деп Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу пикир калтырган.

“Баткенди тажиктер биздин жер деп талашып атышса, Ошту өзбектер бөлүп алсак деп журушсо, Ак үйдөгүлөр бийлик талашып отурушат, акчага тойбой эл жерин сатып”, “Тажиктерди үгүттөп жер биздики деп тополоң чыгарган ошол жогорку жакта олтурган чондору”, “Эми биздин дейдилер баягы таз Акаевче Үзөнгү-Кууш улуу Кытай элинин жери болгон экен кайра кайтарып берели, болбосо ажыдаардын куйругун басып алган болобуз дегендей, Баткен тажиктин жери экен кокуй берели деп жен ичинен акчага тоюп сатып жиберишпесе болду”,-деген сыяктуу пикирлерди калтырышууда.

Мындан сырткары, жакында эле Ат-Башыда ызы-чуу жараткан логистикалык борборун да кошо кетишкен. 

“Мына Ат-Башыга логистикалык борбор салдырабыз дейсиңер, эртең эле кытайың чыгат, тарыхты карагыла Ат-Башы биздики болчу деп”,-дейт Фейсбук тармагынын дагы бир колдонуучусу.

Учурда бул маселе интернет айдыңында катуу талкуу жаратып, колдонуучулар өкмөттүн, генералдардын, чек ара кызматкерлеринин кескин кадамдарын күтүп жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями