Бишкектеги батирден өрт чыгып, жабыркагандар катталды
Кылмыш жана кырсык  |   |  235

Борбор калаадагы  Стаханов көчөсүндөгү батирден өрт чыгып, 5 киши жабыркады.  Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматты  билдирди.

Маалыматка караганда, Электр жабдыктарын туура эмес пайдалангандан чыккан өрттө 5 киши жабыркаган. Алардын  экөө 3-даражадагы күйүк менен жабыркап,  дагы бир чоң киши жана 3 жана 7 жаштагы эки бала иске ууланышкан. Уулангандар  ооруканага жеткирилген. Дарыгерлердин айтуусуна караганда жабырлануучулардын абалдары азыркы учурда канааттандыраарлык.

Кырсык электр жабдыктарын туура эмес пайдаланышканын улам келип чыккан. 

Булак: NazarNews.kg

 

Поделитесь с друзьями