Бишкекте автокырсыктан улам үч адам каза болду
Кылмыш жана кырсык | 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын түндүк-чыгыш бөлүгүндө микроавтобус менен жеңил автоунаа кагышып, үч киши мерт болду. Бул тууралуу маалыматты баш калаанын Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы ырастады.

Окуя 18-январда кечинде Элебесов көчөсүндө болгон. Кичиавтобус «Mitsubishi» жана жеңил машине «Жигули» үлгүсүндө экени такталды. Каза болгондор «Жигулинин» жүргүнчүлөрү болушкан.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями