Бишкекте айдоочу үч адамды сүзүп, качып кеткен
Кылмыш жана кырсык  |   |  776

Бишкекте Малдыбаев менен Масалиевдин кесилишиндеги жол өтмөктөн өтүп бара жаткан үч адамды сүзгөнгө шектүү кармалды. Бул тууралуу патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 12-февралдан 13-февралга караган түнү саат 00:30 дар чамасында болгон. Белгисиз бир айдоочу жол өтмөктөн өтүп бара жаткан үч адамды сүзүп кеткен. Алган жаракатынан улам, үчөөнүн бирөөсү ошол жерден көз жумган. Экөө ооруканага жеткирилген.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө иши башталды.

Учурда иликтөө жүрүп жатат жана атайын экспертизалар дайындалды.

Булак: NazarNews.kg

 

Поделитесь с друзьями