Бишкекке популярдуу орусиялык “ВИА Гра” тобу учуп келет
Коом  |   |  1165

Борбор калаага популярдуу россиялык “ВИА Гра” тобу келет. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактрадан белгилүү болду. Ошондой эле, 8-февралда боло турган концертти аталган топтун пиар-агенти Дарья Дубова жергиликтүү басылмалардын бирине тастыктады.

“”ВИА Гра” тобу Бишкекке 8-февралда келеn деген маалыматты тастыктайбыз. Тобдун курамы актуалдуу-Ольга Меганская, Эрика Герцег жана Ульян Сенецкая”,-деп Дубова билдирген.

Мындан сырткары, ал ырчыларды ММК же күйөрмандары менен жолуктуруу маселесин чечип жаткандыгын кошумчалады.

“ВИА Гра” тобу 2000-жылы тузүлгөн. Ал түзүлгөндөн баштап курамындагы адамдар жана солисткалары көп жолу алмаштырылган. Алардын башкы продюссери Констандин Меладзе.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями