Бишкекке мэр болуп келгендердин баарына кылмыш иши козголду, азыркы мэрдин иши кандай?
Аналитикасы  |   |  297

Бишкекке мэр болгон Нариман Түлеев камалып келди, Кубаныч Кулматовдун мойнуна 5 миллион сом айып түшүп, Бишкектин дагы бир мэри Албек Ибраимовдун үстүнөн кылмыш иши козголуп, 15 жылга эркинен ажыратылды. Ал эми дагы бир Бишкекке мэр болгон Иса Өмүркуловдун үстүнөн кылмыш иши козголуп соттолгону калганда жандосу Атамбаев президенттик бийлигине таянып  алып калган. Бүгүн Бишкекке өзү кыргыз, бирок кыргызча билбеген Азиз Суракматов мэр. Арийне, оң кулагы Ак үйдүн сөзүн укса, сол кулагы Бишкек шаарынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаевдин гана сөзүн угат дешет. Суракматовдун өз эне тили кыргыз тилин үйрөнүүгө далалаты чоң, айтарыбыз Феликс Куловго окшоп кызматка келсе эле кыргыз тилин үйрөнүмүш болуп кызматтан түшсө эле, кыргыз тилинин эмне кереги бар деп, бармагын салаасынан чыгарбасын. Кыргыз тили башкаларга кереги жок болсо да кыргыздар үчүн керек.

Бишкек, Ош сыяктуу 3 миң  жылдык карт тарыхы болбогону менен кыргыздын борбору. Азырынча Азиз Суракматов жаңы жылды мыкты өткөздүм деп ойлоп, ары-бери секирип турган убагы. Жаңы жыл элдик майрам Азиз Суракматовго рахмат, элдин көңүлүн алып жаткан, арийне анын мойнунда да бир топ иштер илинип турат, мурунку мэрлердей болуп кылмыш иши козголбосо болду. Деги Бишкектин мэрлери Москванын мурунку мэри Юрий Лужковго окшоп, же азыркы мэри Собянинге окшоп бир гана шаарды көтөрүү демилгеси менен иштесе болду.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Поделитесь с друзьями