Бишкек мэри Азиз Суракматовдун башын футбол жейби?
Коом  |   |  481

Жакында эсиңерде болсо ФИФА Кыргызстанга футбол комплексин куруп берүү үчүн 10 миллион АКШ долларын гранттык негизде бөлүп бергендиги тууралуу маалым болгон. Бирок, ал курулуш ишке ашуу үчүн Бишкек шаардык мэриясы 8-10 гектарга барабар жер тилкесин бөлүп берүүсү зарыл болчу. Эгерде жер участкасы табылбаса анда 2019-жылдын 31-декабрынан кийин ал кайтарымсыз негизде бөлүнгөн каражат башка мамлекеттин футбол тармагын чыңдоого жумшалып кетет. Бул маселе Бишкек шаарынын мэриясы менен шаардык кеңештин депутаттарынын ортосуна чок салды. Себеби, мэрия сунуш кылган жер тилкелери Футбол федерациясынын баамында комплексти курууга ыңгайсыз. Ошондон улам айрым депутаттар Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовго “ишенбөөчүлүк” көрсөтүү демилгесин көтөрүүдө. Ал эми мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев бул маселе боюнча өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына төмөндөгүчө түшүндүрмө берген.   

"Сабыр кылуу, акыл калчоо керек. Биз спортко , өзгөчө футболго такыр душман эмеспиз. Баардык суроо талаптар мыйзам талаасында чечилүүсү керек. Шаардык кеңештин депутаттары менен чогуу бул маселени чечебиз. Шаардык кеңеш жана Мэрия бир багытта бара атабыз. Биз бири-бирибизге каршы эмеспиз. Жай кана бийлик бутактары арасында мындай нерселер болот жана боло бермекчи. Чындыкты табуу үчүн жол издеп атабыз. Бири бирибизге зыяан алып келүүгө эч кимдин ниети жок. Фракциялар, депутаттар, мэрия шаардыктар үчүн ыңгайлуу жана мыйзамдуу жол издеп аларга спортко жана футбол үчүн эң жакшы жол табаарына ишенебиз. Калаа башчыбыз Суракматов ар дайым шаардык кеңештин депутаттары менен кеңешип, акылдашып негизгиси шаардыктарга пайдалуу чечим чыгараарына ишениңиздер" - дейт Түлөбаев

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями