Бишкек эң кымбат шаарлардын рейтингине кирди
Дүйнө жүзүндө  |   |  1209

Numbeo статистикалык ресурсу дүйнөдөгү эң кымбат шаарлардын рейтингин жарыялады. Аталган маалыматка караганда “жашоого кымбат” шаарлардын топ-5ине Швейцариянын ири шаарлары-Цюрих, Баззель, Лозанна, Берн жана Женева кирген.

Андан кийин норвегиялык Ставангер, Тронхейм жана Осло турат. Топ-10дун катарын Исландиянын Рейкьяк жана АКШнын Нью-Йорк шаары толуктаган.

Бишкек “жашоого кымбат”  шаарлардын  410-сабында турат.

Маалыматка караганда Вашингтон (АКШ)-17, Токио (Япония)-21, ал эми Москва (Орусия) 235-орунда турат.

Кошуна өлкөлөр болсо төмөндөгүдөй сапты ээлешкен:

  • Нур-Султан (Астана)-389;
  • Ташкент-416;

Душанбе (Тажикстан) жана Ашхабад ( Түркмөнстан) рейтингге кирбей калган. Бирок Тбилиси (Грузия)-407, Баку (Азербейжан)-393, жана Ереван (Армения)- 381-орунду камсыз кылышкан.

Жалпысынан рейтингде 440 шаар эсептелген.

Белгилей кетсек   рейтинг саясий-социалдык чөйрө, экономикалык көрсөткүчтөр, саякаттын баасы, жашоо сапаты ж. б. критерийлердин негизинде чыгарылат.

Булак:NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями