Белгисиз жаран сот имаратында ок чыгарып, бир киши каза болду
Кылмыш жана кырсык  |   |  2402

Орусияда белгисиз жаран сот имаратында ок чыгарып, бир адам каза болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыкты. 

Маалыматка караганда  бүгүн, 16- январь күнү  Орусиянын Кемеров облусунда дүйнөлүк соттор жайгашкан,  сот имаратына белгисиз жаран кирип келип ок чыгарган. 

Кылмышкердин колунан эки жаран жабыркап, биринчи киши алган жаракатынан улам “Тез жардам” унасынан каза болгон. Ал соттук аткаруучу болуп иштегени айтылууда. Ал эми бетинен жана бутунан жаракат алган экинчи  аял,  оор абалда ооруканага жеткирилген. Ок чыгарган адамдын мотиви тактала элек. Маалымат боюнча ал кармалып, териштирүү иштери башталган.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями