Белгисиз соопкер жакырлардын карыздарын төлөп берди
Дүйнө жүзүндө  |   |  1256

Түркияда бир сырдуу соопкер пайда болду-“узун кара тору адам”. Ошентип Диябакыр шаарындагы дүкнөдөрдүн биринин ээси сүрөттөгөн. Белгисиз адам райондогу тургундардын азык-түлүк алган карыздарын төлөгүсү келип жатканын айткан. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Кээ бир түрк шаарларында элдер каражаттары жоктугунан жергиликтүү дүкөндөрдөн азык-түлүктү карызга сатып алышат. Ал эми, дүкөндүн ээлери атайын карыз дептерин ачып, жазып турушат.

Ушундай дептерди соопкер сураган. Ал кассага 12,5 миң түрк лирасын калтырган. Анан карыз дептердин барактарын айрып, өрттөп, атын атабастан кетип калган. Ыраазы болгон тургундар аны Робин Гуд деп атап алышты.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями