Белгисиз адамдын колунан үч адам бычакталды
Дүйнө жүзүндө  |   |  347

Лондондун түндүк-чыгышында белгисиз адам бычак менен кол салып, натыйжада үч киши каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя жекшемби күнү кечинде болгон. Полицияга коомдук тартипти бузуу боюнча арыз түшкөн. Укук коргоо кызматкерлери чалуу боюнча дарекке келгенде болжол менен 20-30 жаштагы үч адамдын жансыз денеси табылган. Маркумдардын денесинен бычактын жараттары табылган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Кылмышкер али колго түшө элек.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями