Белгилүү джаз ырчысы Нургиз Чекилова каза болду
Маданият  |   |  656

 “Элес” тобунун солисти, белгилүү Адил Чекиловдун карындашы, джаз ырчысы Нургиз Чекилова каза болду.

Туугандарынын айтымында, ырчы рак оорусунан улам көз жумган. Былтыр анын жакындары жана кесиптештери ырчынын дарылануусуна акча чогултуу максатында кайрымдуулук концертин өткөрүшкөн.

Нургиз Чекилова JazzOK тобунда ырдачу.

NazarNews маалымат агенттигинин жалпы жааматы ырчынын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями