Бегимай Карыбекова Armani менен иштешет
Дүйнө жүзүндө  |   |  528

“Кыргызстан сулуусу-2017” сынагынын жеңүүчүсү Бегимай Карыбекова Emporio Armani италиялык брендинин модели болду. Бул тууралуу модель өзүнүн  Facebook баракчасына жарыялады. 

“Моделдик жааттагы иштерим эми жемишин берип баштады. Emporio Armani брендинин модели болдум. Кудайга ырахмат!”, -дейт Бегимай. Анын Инстаграм баракчасындагы видеолорго таянсак, моделдерди тандоо кастинги жакында эле Миланда болгон. Бегимайдын моделдик ишинде канча каражат табары белгисиз.

Бегимай бир нече эл аралык мода агенттери менен келишим түзгөн. Былтыр, 2018-жылы Миланда өткөн мода жумалыгына катышкан. Анда ал белгилүү дизайнер Брунелло Кучинеллинин колекциясын көргөзгөн. 

Giorgio Armani s.p.a компаниясын 1975-жылы италиялык модельер Жорджо Армани менен ишкер Серджо Галлеоти экөө негиздеген. Компания кийим, бут кийим, саат, эркектер, аялдар жана жаш балдар  үчүн аксесуарларды, эмеректерди Giorgio Armani, Emporio Armani,

Armani Exchange, Armani Jeans, Armani Junior, Armani Casa брендери менен чыгарышат.  Армани деген ат менен биринчи коллекциясын 1794-жылы, ал эми 2005-жылы Armani Privé кийим линиясын чыгарган. Модельер Италиянын эң бай адамдарынын бири. Forbes журналы маалымдагандай анын байлыгы 7,6  миллиар еврого бааланат.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями