“Башкаларга көрө албастык кылгандан көрө, спортту өнүктүрүү керек”. Александр Крестинин футбол борбору тууралуу
Спорт | 

Кыргыpстан курама командасынын машыктыруучусу Александр Крестинин Бишкек шаардык кеңешинин катардагы сессиясында кошуна өлкөлөргө көрө албастык кылгандан көрө, өзүбүздүн футболдук борборубузду куруу сунушун киргизди.

Анын айтымында, Тажикстан менен Өзбекстандын дүйнө чемпионатына катыша турган жаш катышуучулары бар жана алардын инфраструктура менен көйгөйү жок.

“Эгемендүүлүктү алган жылдардан бери бардык кошуна мамлекеттер спорт мекемелерин куруп алышты. А биз болсо эч нерсе курган жокбуз. Алар өнүгүп жатат, а биз болсо аларды көрө албай отурабыз”,-деп Александр Крестинин айтты.

Ошондой эле, ал бүгүнкү күндө тарыхка кирүүгө уникалдуу мумкунчулук бар экенин кошумчалады.

“Мындай нерсе буга чейин Кыргызстанда болгон эмес. Бул федерациянын калоосу эмес, убакыттын талабы. Кимдир бирөө аны курат. Акча асмандан жаап жатат. Албетте, укуктук маселелер бар, аны чечүү керек”,-деп Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу кошумчалады.

Мындан сырткары, президент Сооронбай Жээнбеков дагы спорттун жана анын инфраструктурасынын өнүгүшүн колдоорун баса белгилеп кетти.

Башкы машыктыруучунун айтымында, келечекте борбордо 2-5 миң адам машыга алат.

“Бул спорт-улуу жетишкендиrтер. Биздин бүгүн ийгиликтебиз, бирок, жаштар спортун өнүктүрбөсөк бул да бүтөт”,-дейт Александр Крестинин.

Булак: NazarNew.kg

Поделитесь с друзьями