Бакыт Рыспаев: "Ата Мекендин акчасы көп эмес, бирок идеяга бай, партия үчүн бекем турган мүчөлөрү арбын"
Маек  |   |  707

“Ата Мекен” партиясынын Ысык-Көл облусу боюнча координатору менен маек...

-- Бакыт мырза, учурда “Ата Мекен” партиясы облустарда конференцияларын өткөрүп жатат. Башка партиялардан айырмаланып, классикалык форматты тандоого эмнеден улам токтолдуңуздар? 

-- Ооба, учурда Кыргызстандын баардык облустарында “Ата Мекен” партиясынын конференциялары өтүп жатат. Биринчи болуп Нарында, андан соң Жалал-Абадда, Чүйдө өттү. Жакынкы күндөрү калган облустарда да өтөт. Бул конференциялар 20-мартта өтө турган партиянын XIII съездине даярдык, ошого аймактардан делегаттар шайланып жатышат. Туура айтасыз, башка партиялардан айырмаланып, “Ата Мекен” биринчи кезекте аймактарда конференцияларын өткөрүп, делегаттарды топтоп келип, съезд өткөргөнү турат. Көп партиялар мындай кыла алышкан жок. Көбү дароо эле съездин өткөрүштү. Көрүп атабыз, айрымдары спорттук оюндарды, улактарды өткөрүшүүдө. Бул аракеттер элдин көңүлүн бурдуруу экени талашсыз. Ал эми жер-жерлерде, аймактык бөлүктөрдө классикалык форматта жолугушуу, конференция өткөрүү – бул биринчиден, эл менен жакындашуу, алардын идеяларын, сунуштарын угуу. Экинчиден, партиянын аймактык бөлүктөрүн күчтөнтүү. 

-- Аймактардагы, облустардагы партиялаштардын деми, духу кандай экен?

-- Акыркы үч жылда биздин лидерлерибиз абакта болуп, ал учурда биздин мүчөлөргө да ар кандай кысымдар уланып, көпчүлүк партиялаштар активдеше албай жатышкан. Ачыгын айтыш керек, айрымдары кысымдарга, куугунтуктарга чыдабай, партиядан чыкканга аргасыз болушкан. Азыр эми баарын түгөлдөө иштери болууда. Катарыбызда кимдер бар, кимдер жаңы кошулду, кимдин канчалык деңгээлде мүмкүнчүлүктөрү бар – ошолорду тактап жаткан учурубуз десем да болот. 

Ал эми партиялаштарыбыздын, электоратыбыздын, элдин духу майтарылбаганы мени кубантты. Бул нерсени облустардагы конференцияларга барып катышып жатканда көрүп атабыз. Бизге жаңы адамдар кошулуптур. Башка партиялардан бизге өткөндөр, мурда-кийин эч бир партиянын катарында болбогондор “Ата Мекенди” тандашыптыр. Өлкөнүн тарыхында бир нече партиялар болду, “Ата Мекен” менен жашташ, катарлаш чыккан партиялар ыдырап, бөлүнүп-жарылып, жик кетип, күчүн жоготушту. Кийинчерээк түзүлгөн жаңы партиялар деле бизнес долбоор сыяктуу бир шайлоолук болуп, беш жылдан кийин такыр башкаларга кошулуп, партиянын дайын-оту билинбей калып жатат. Ушуларды аргумент келтирип, “Ата Мекен” ар дайым эл тарапта болуп, чындыкты айткандан тайбай келесиңер, ошол себептен силер менен болууну чечтик” дешкени биз үчүн чоң сыймык болду. Эл арасында идеяга, чындыкка, акыйкаттыкка берилген, мамлекеттин алдыга умтулушуна маани бергендер көп экен. Негизгиси, биздеги адамдар идеологиялык багыттагы адамдар.

-- Сиз өзүңүз партияга качан мүчө болгонсуз? 

-- Мен 2005-жылы шаардан ЖОЖду бүтүп, айылга барып, Тоң районунун Тоң айыл аймагынын башчылыгына шайлоого катышып калдым. Жашым 25те эле. Талапкерлигимди коюп, 6 талапкердин ичинен 4-орунду алдым. Элдин көбү мени “жаш, ишти алып кете алабы-жокпу?” деген күмөн саноолору болгон. Бирок, аз болсо да элдин мага берген добуштарынан алардын мага болгон ишенимин сездим. Ошондо “шаарга кетпейм, айылда калып, колумдан келишинче иш жасайын” деп айылда калдым да, “Аттан” деген жаштар уюмун түздүм. Чакан долбоорлор менен иштедик, айылга жаштарды чогултуп, алган билимим боюнча окутууларды жүргүзө баштадык. Катарыбыз өсүп, бизди колдогондор арбып жатты. Ошол учурда биз “Аттан” жаштар уюму менен чогуу келип, “Ата Мекенге” мүчө болуп киргенбиз.

-- Эмнеден улам “Ата Мекенди” тандадыңар?

-- Ал убакта Бакиев жаңы бийликке келген. Текебаев спикер болуп, бийликтин кемчиликтерин азыркыдай эле бетине ачык айтып турган. Ошондо бийлик оюн уюштуруп, аны спикерликтен алып түштү. Ошол процесстердин баарына назар салып, көрүп, жыйынтыгында Текебаевдин партиясын тандообузга негиз болду. Биздин көз караштар “Ата Мекендин” көз караштарына дал келди. Ошондон бери мен да, мени менен кошо келишкен “Аттан” жаштар уюмундагылардын баары тең азыр деле “Ата Мекендин” мүчөлөрүбүз. 

Партияга мүчө болгондон кийин райондук кеңешке шайлоо болуп калды. Ал кезде 25-30 депутаттан турган райондук кеңеш шайланчу. Анын ыйгарым укуктары чоң эле, акимге ишеним көрсөтүү же көрсөтпөй коюу, мындайча айтканда, райондук бийликтин ишин көзөмөлдөчү. Мен ошол райкеңешке талапкерлигимди коюп, алдыңкы орунду алып келдим. Эки жыл мурун айыл өкмөт башчылыгына шайланбай калгандагыдан да көп эле добуш берди. Ошентип, райондук кеңештин депутаты болуп, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы болуп иштедим.

-- А качан аким болдуңуз? 

-- 2010-жылкы элдик толкундоолорго партиялаштарымдын катарында активдүү катышкам. Анда Бишкекте элем. Бийлик алмашты. Тоң районуна да жаңы акимди коюшту. Бирок, абдан көп эл чогулуп, мени аким кылып шайлап алышты. Мага чейинки аким болгон киши бир жума иштеп койгон эле. Эсимде, 12-апрелде мен Тоң районунун акими кызматына кириштим. Аким болуп туура 5 жыл 1 ай иштедим. Ал убакта акимдер 4 жылдык мөөнөткө шайланышчу. Мен эки жолу шайландым. Кыргызстандын тарыхында эң жаш жана эң көп мөөнөт отурган аким мен болдум. Кийин жогору жактан, “бир орунда отура бербей, борборго кел, дагы башка иштерден өзүңдү көргөз” дешти. “Ата Мекен” партиясы сунуш кылып, өкмөттө коалиция түзүлүп жаткан учурда, өз алдынча башкаруу агенттигине директор болуп келдим. Бул кызматта 1 жыл 5 ай иштедим. Биздин лидер Текебаев менен Атамбаевдин ортосунда тиреш күчөп, партиянын баардык мүчөлөрүн куугунтукка алып, кызматтан кетирип, тазалай башташты. Мени да 2016-жылы сентябрда кызматтан алышты. 

-- Сиздин ишенимиңизде, “Ата Мекендин” бул шайлоодон утуп келүү шансы канчалык? 

--   Азыркы кырдаал “Ата Мекен” партиясынын кайра жаралуусуна ыңгайлуу шарт болуп турат. Себеби, азыркы бийлик системасынын түзүлүшү, айрыкча парламенттин сапаттык курамы элди аябай иренжитип, нааразы кылууда. Эл жаңыланууну талап кылып турат. Экинчиден, биздин партиянын лидери элдин талабын, кырдаалды сезе билип, партияда жаңылануу, жашаруу иштерин кызуу баштап жиберди. Эгер биз элдин талабына, убакыттын, мезгилдин, кырдаалдын шартына карап түздөнө алсак, анда “Ата Мекен” утуп чыккан партиялардын бири болоруна ишенем. Жер-жерлерге барганда элдин демин көрүп жатабыз. Партиялар көп. Эң тажрыйбалуусу жалгыз биздин партия. Кээ бирөөнүн каражаты көп, тажрыйбасы жок, кээ бири кыйын учурларда бийликтин кысымдарына туруштук бере алышпай, бириндешет, сатылышат. Ал эми биздин партия бай эмес, башкалардыкындай акчабыз көп эмес, бирок акчага сатылбаган, идеяга бекем, партия үчүн тикесинен туруп берген мүчөлөр көп.  

-- Депутат болуп калсаңыз кандай иштемексиз?

-- Кыргызстандын өнүкпөй жаткан себеби, татыктуу кадрлардын чечүүчү кызмат орундарында болбогондугу. Буга чейинки бийликтердин баары өзүнө ыңгайлуу адамдарды, ишенгендерин кызматтарга коюп келишет. Азыр да ошондой салт уланып келатат. Тажрыйбасына, ишбилгилигине караган эч ким жок. Мисалы, Илмиянов, Сегизбаевге окшогон хансарай оюндарын укмуш өздөштүргөн, жетекчинин тилин тапкан адамдар космикалык сыйкыр, секирик менен эч кимдин оюна келбеген кызматтарды ээлеп отуруп калышты. Бул нерсе өлкөнүн тарыхында мамлекеттик башкарууда же саясый элитанын калыптанышында жолубуз аныктала электигинен кабар берет. Кадрларды тандоодо тармакты жакындан билген адамдар келиши керек. Ошол нерсени жөнгө салууга жан үрөмөкмүн. Анан да сөзсүз түрдө аймактардын, айылдардын, район-шаарлардын өнүгүшүнө таасир эте турган чечкиндүү кадамдарды жасап, мыйзамдарды сунуштайт элем. 

Динар Турдугулова

Булак: "АЗИЯnews"

Поделитесь с друзьями