Азимбек Бекназаров:«Намаз окуган Жээнбеков пенде Бекназаровду алдаса дагы, Кудайды алдай албайт»
Маек  |   |  1319

— Азике, аз убакыт болсо дагы гезитте бир кабинетте чогуу отуруп, иштешип калдык. Эми Малайзияга элчи болуп кетип жатасыз. Элчилик кызматка кетип жатып уйкулук ордуна кенен маек берип, болгон сырды ачык айтып берсеңиз…

— Алгач “Жаңы Ордо” гезитинин жамаатына, иним Бекенге ыраазычылыгымды айтып коёюн. Жаңы басылып чыккан китебимди ушул жерде олтуруп жаздым. Мага шарт түзүп, кабинет берип, гезиттин редакциялык жамаатынын мүчөсү кылып, чогуу иштештик. Элдик гезит деген ушул. “Жаңы Ордо” кайсыл бийлик болбосун ар дайым эл тарабында болот. Силерге чыгармачылык ийгилик каалайм. Кандай суроо болсо ачык жооп берейин.

— Президент менен жолугуп чыксаңыз керек. Ортодо кандай сөздөр болду? Бийлик Бекназаровдон чоочулап, саясий сүргүн катары Малайзияга элчи кылып жөнөттү деген сөздөр болуп жатпайбы?

— Элчи болуп барууну өзүм туура көрдүм. Азыркы кырдаалда сыртка чыгып турганым оң болот деп чечтим. Себеби, жакында шайлоолор башталат. Шайлоо системасы өзгөрүлбөгөндөн кийин шайлоого катышууга бизге жол жок. Баягы эле акча роль ойнойт. Азыркы бай депутаттар өздөрү барбаса, баласын же кызын сөзсүз тизмеге кошот. Ушундай абалды көрүп жөн жүрө албайм. Табиятым ушундай эмеспи. Сөзсүз катуу айтып сындап чыгам. Шайлоо системасы өзгөрүлбөгөнүнүн өзү бүгүнкү бийликтин саясаты өзгөрүлбөгөнүн тастыктап турат. 2007-жылга чейин парламент президенттерге толук баш ийчү эмес. Президенттерди чакырып алып катуу маселе койчу. Бакиевдин бийлиги 2007-жылы күзүндө парламентти таратып, азыркы шайлоо системасын киргизип алган. Мында Максим Бакиев менен Медет Садыркулов чоң роль ойноду. Эмне үчүн дегенде, баш ийбеген парламент болбойт экен, үй-бүлөлүк парламент түзүш керек дешкен. Үй-бүлөлүк парламент түзүш үчүн 100 пайыз партиялык тизме менен шайлоо өткөрүп, өзүбүз партия түзөбүз деген. Көздөгөн максатына жетишти. Ошол менен президенттик бийликке каяша айта турган мамлекеттик орган жок калды. Конституцияга ылайык утуп келген партиялар өкмөттү аныктайт. Формалдуу түрдө өкмөт парламенттеги партиялардыкы болду да, реалдуу түрдө президенттики болуп кала берди.

— 2010-жылы Убактылуу бийлик ушул системаны өзгөртүп, башка нукка салганга мүмкүнчүлүк бар эмес беле?

— Тилекке каршы өзгөртө алган жокпуз. Муну мойнума алам. 100 пайыздык партиялык тизме менен шайлоо деген менен кошо партиялык саясий коррупция күч алды. Бийликте олтурган партиялар айыл өкмөт, мектептин директорлоруна чейин бөлүп ала баштады. Азыр мурунку экономикалык коррупциядан дагы саясий коррупция элдин кедергисин кесип жаткан абал.

— Ошол кездеги президент Роза Отунбаевага, андан кийин Атамбаевге эмне үчүн ушул маселени айта алган эмессиз?

— Бул маселе силердин гезит аркылуу эле толтура жолу айтылган. Эмне үчүн өзгөртө албадык? Элибиздин абалы Кудайга шүгүр жакшы, саясий эркиндик бар. СССР аймагындагы эркин эл — кыргыздар. Бизден башка эркин бир дагы эл жок. Мен муну менен мактана алам. Буга элибиз эки революция менен жетишти. Бирок, мамлекетибиз, экономикабыз жарды, постсоветтик аймакта эң артта. Мунун себебин жаңы китебимде тергөөчү катары иликтеп, аныктап чыктым. Китепте “Кыргызстандын саясий, экономикалык реформалары тергөөчүнүн көзү менен” дедим. Бизде эмне үчүн үй-бүлөлүк башкаруу болду, кайсыл жерден катачылык кетирдик, эки революция болду, эки президент качып жүрөт, бирөө түрмөдө олтурат, эмне үчүн дагы деле ошол система?- деп изилдедим. Архивде олтуруп, изилдеп, жаңы китепке баарын жаздым. Буга бир эле президенттер күнөөлүү эмес, алардын айланасында жүргөн депутаттар, командасында жүргөн адамдардын күнөөсү чоң. Китебимдин бет ачаарында айрымдарын айттым. Биринчи Конституцияны 1991-жылы 31-августта Акаев эмес, биз легендарлуубуз, кийинки жылы 30 жылдыгыбызды белгилейбиз деп аткан парламент бузган. Конституцияда альтернативдүү президент шайланат деп турганына карабай, Акаевди альтернативсиз жападан жалгыз өткүзөбүз деп 31-августта Конституцияга каршы келген мыйзам кабыл алган. Компартия өзүнүн өкүлүн президенттикке көрсөтүп жибереби деп, ошол мыйзамга Компартия өзүнүн өкүлүн көрсөтө албайт деп бекиткен. Эл арасынан чыгып калбасын деп, эл арасынан чыккан киши парламенттин үчтөн бир депутаттардын добушун алышы керек деген норманы киргизишкен. Мыйзамга президент кол коё элегинде эле, залдан бирөөсү “Бүгүн эле Аскар Акаевичти ушул мыйзамга ылайык көрсөтө койбойлубу” дейт. Текебаев “Мыйзам күчүнө кире элек” деп кыйкырса, Шеримкулов “Мен эле кол коё койбоюнбу. Президент өзүнө-өзү кол койбойт да” деп кол коюп салган. Конституцияда мыйзамга президент кол коёт деп жазылып турбайбы. Мына ошентип Акаевди биринчи жолу хан катары парламент оомийин деп бата берип, ноябрь айында өткөрүп келишкен. Акаев ошондо өкмөт башчысы да, өлкө башчысы да болгон. Кийин 1991-жылы 12-декабрда бир Указын, 1992-жылы 6-февралда экинчи Указын чыгарып, мамлекеттик башкарууну толугу менен өз колуна алып алган. Парламент унчуккан эмес, Конституцияны бузуп жатасың, сенин мындай укугуң жок деп айта албаган. Акаев өзүнүн китебинде дагы “Мен эки Указ менен мамлекеттик башкарууну толук колго алдым” деп мактанып жазып салган. Ошо менен алтын чыры башталат. Колхоз, совхоз, мамлекеттик түзүлүш, Конституциялык реформа Батыштан келген саясий шарт менен келген акчага жасалган. Акаевдин катачылыгы ушул. Колхоз, совхозду жоюу, завод, фабрикаларды дагы жок кылуу Батыштын долбоору менен өткөн. Экономика ушинтип талкаланган. Андан кийин 1994-жылдан баштап Конституциялык реформада 4–5 кишиге жаздырып, парламент билбейт, элге алып чыгат, эл референдум жолу менен кабыл алды деп өзүнө бийликти ала берген. Парламент Борис Бирштейн кен байлыкты бөлүп жатат дегенге каршы чыгышып, комиссия түзүшкөн. Бирок, анын жыйынтыгын да парламент уккан эмес. Жыйынтыгын угабыз дегенде парламентти иштетпей коёт, парламенттин иштеп жаткан президуму Акаевди колдогон. Жер-жерлерде депутаттарды аэропорттон учурбай алып калган.

— Өлкөнү Бирштейин башкарып калган деп айтканыңыз ушундан уламбы?

— Ооба, премьер-министр Чынгышевдин эшигин тээп кирип, акыбалын сурамыш болуп, “Сен эмне үчүн резиденциядагы дачада жашабайсың билесиңби?” дейт. “Билем, мага аппарат башчысы ал жер азыр бошой элек, сиз коё туруңуз деп койду. Мага бербей жатат, ошол үчүн бара элекмин” десе, “Ал сенин биздин 2 тонна алтынды Швейцарияга чыгарбай койгондун кесепети. Ошон үчүн кирбей жатасың. Кечээ Акаевдин алдында кол койдуң, эми ошол жерде жашайсың” дейт да, премьер-министрдин телефонун алып, Эднан Карабаевге чалып “Все, вопрос решён, товарища премьер-министра надо поселить” деп айтат. Ошондон кийин Чынгышевди дачага киргизиптир. Чынгышев өзү китебине жазып атат. Чет өлкөнүн жараны жетинчи кабатта премьер-министрдин кабинетине кирип, шылдыңдап, телефонун алган кайсыл өлкөдө бар? Мына премьер-министрлердин акыбалы. Биздин кесел баардык реформаларды Батыштан келген долбоорлор менен ишке ашырганда экен. 2010-жылы да биз бийликке апрелде келдик. Реформа кылыш керек, бирок акча жок. Бизди дагы Батыш каржылаган. Батыш жөн каржылабайт экен. Саясий партиялык шайлоо системасын сактап каласыңар, мен Конституциялык сотту таратып жиберген элем да, ошону кайра калыбына келтиресиңер деген шарт койгон. Ошолордун лоббиси ишке ашып, өзүбүздүн акыбалыбыз жетпеген. Мен шайлоо системасын оңдойлу деген маселени койгом. Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнөн сурасаңар болот. Бирок, маселе добуш менен чечилди да. Добуш менен чечкенде КСДПчылар төртөө, атамекенчилер төртөө болуп, 14 добуштун сегизи алардыкы, көз карандысыз Эркебаев, Ибраимовалар дагы буларда болду. Мен, Топчубек Тургуналиев, Исмаил Исаков үчөөбүз эле болуп калдык. Анткени, Атамбаев дагы өзүмдүн партиям “Ак жол” болуп келет деп ойлогон, Текебаев дагы “Ата-Мекен” партиям “Ак жолдун” ролун аткарат, ачыктан-ачык 65 мандат алабыз деп айтып калышкан. Тар кызыкчылык менен ушул Конституция жазылган. Ошондуктан системаны өзгөртө албай койдук. Убактылуу Өкмөт коллегиялык жоопкерчиликти алганбыз, менин да күнөөм бар. Андан бери эки жолу шайлоо болду. Азыр улутчул-мекенчил күчтөр 2016-жылдан бери шайлоо системасын өзгөрткөнгө аракет кылып жатабыз. Президентке киргенде эмне сөз болду?- деп сурап жатасың. Батыштан келген долбоор менен мамлекеттик түзүлүш, саясий системаны реформалоодон качыңыз деп айтып жатам. Алар адам укугу, социалдык маселелер боюнча жардам бере берсин. Саясий система боюнча аларды такыр жолотпош керек. Кечээки курултайда дагы бир пункт менен ошондой чечим кабыл алынды. Мурунку президенттердин, Убактылуу Өкмөттүн 10 жолу кетирген катачылыгыбыз Батыштын акчасына реформа жасаганыбыз. Элибизден бир да жолу “Башкаруунун кайсыл түрүн каалайсың?”, “Кандай шайлоо системасын каалайсың?” деп сураганга жараган жокпуз. Сооронбай Шарипович, мурдагы президенттердин бүлүнткөнүн баары сиздин мойнуңузга түштү. Чачылганды жыйноо, бүлүнткөндү оңдоо кыйын. Эми бул жагын өзүңүздүн элиңизден сурап туруп, андан кийин реформа жасаңыз деп айттым. Ал мага “Азике, Кудай буйруса ошого барам, түшүнүп жатам” деп айтып жатат. Мен дагы анын сунушуна макул болуп Малайзияга элчи болуп кетип атам. Сиз убакыттан кечигип атасыз. Жарым мөөнөтүңүз бүттү, азыркы келген Жогорку Кеңеш сизди укпай баштайт. Анткени, сиз кете турган президентсиз, экинчи мөөнөткө бара албайсыз. Утуп келгендер бөлүп алууну баштайт. Шайлоого барып утуп келгиче эле сизди тегеренишет, келгенден кийин Атамбаевди укпай сизге өтүп кеткендей, кийинки келе турган президентке өтүп кетишет дейм. Экөөбүз качан жолуксак да болгону ушул тууралуу сүйлөшөбүз. Акыркы убактарда “Муну баштайбыз, Атамбаевдин коррупциясы менен күрөшүп, көбүрөөк убакыт кетти. Өзүңүз деле көрдүңүз” деп айтты. Туура, көп убакыт ошого кетти. Бирок, чоң иш жасады. Мурдагы президенттердин үй-бүлөлүк башкаруусун сындыруу үчүн эки революция талап кылынган. Жээнбеков Атамбаевдин кландык башкаруусун революция кылбай эле сындырды. Бул абдан чоң иш. Буга көптөр маани бербей эле жүрүшөт. Жээнбеков президент болгону менен бийлик Атамбаевдин колунда калган. Анын премьер-министри, Жогорку Кеңеши, башкы прокурору, губернаторлору, укук коргоодогу командалары турган. Муну өткөрүп алыш үчүн 2 жыл убакыт жөн эле кетет. Жээнбековдун багыты туура, элдин макулдугу менен реформага барам дегенине ишенем.

— Эмне үчүн ушул президентке ишенип калдыңыз?

— Менин төрт президентке ишенип оозум күйгөн. Бакиевге да, Атамбаевге да алданып калгам. Жээнбековго деле алданып калышым мүмкүн. Бирок, мунун бир өзгөчөлүгү бар. Бул ар жума сайын элдин арасына барып намаз окуп жатат. Намаз окуган Жээнбеков пенде Бекназаровду алдаса дагы, Кудайды алдай албайт. Кудай алдында күнөөлүү болот. Атамбаев Кудайды дагы, досторун дагы алдады эле, азыр азабын тартып олтурат.

— Атамбаевди камады, бирок анын оң колу, баардык ишти аткарган Индира Жолдубаева менен Абдил Сегизбаевди камай алган жок го. Муну айткан жокпу?

— Жээнбеков мамлекет башчысы, мен болсо мамлекеттик элчи болдум, мындай маселелерди айтпай турайын. Анткени, адамдын жеке тагдырына тийешелүү маселелер. Ал укук коргоо органдарынын иши. Парламенттин төрагасы Дастан Жумабековдун өзүнө, силер 105 депутат Атамбаевди беш эпизод менен күнөөлүү деп кол тийбестигин алдыңар. Ошол иштердин көбүн өзүңөр ратификация кылып бергенсиңер. Жантөрө Сатыбалдиевди, Сапар Исаковду өзүңөр премьер-министр кылып шайлагансыңар. Биздин да саясий, моралдык күнөөбүз бар деп өзүңөр да бир пункт менен күнөөнү алган жоксуңар?- деп айттым. Президентке дагы ушул маселени айткам.

Маектешкен Мухтар Жаркулов

Булак: "Жаңы Ордо"

Поделитесь с друзьями