Азербайжандын жогорку окуу жайларында окуу үчүн гранттык орунга конкурс жарыяланат
Илим  |   |  426

Билим берүү жана илим министрлиги Азербайжан Республикасынын жогорку окуу жайларындагы даярдоо курстары, бакалавриат, магистратура жана докторантура программалары боюнча 2020-2021-окуу жылына бөлүнгөн бир гранттык орунга конкурс жарыялайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Конкурска катышуу үчүн талапкерлер төмөнкү документтерди тапшырууга зарыл:

1. Арыз;
2. Резюме (орус жана англис тилдеринде);
3. Анкета, сөзсүз сүрөтү менен;
4. Толтурулган өтүнмө формасы, сөзсүз сүрөтү менен;
5. Билими тууралуу документ (англис тилине которулуп, нотариалдык
тастыкталган);
6. Паспортунун көчүрмөсү
7. Медициналык маалыматы жана ВИЧ СПИД жоктугу жөнүндө күбөлүгү
(англис тилине которулган жана нотариалдык тастыкталган);
8. Жүйөөлүк кат (орус жана англис тилдеринде);
9. Англис тилин билүү деңгээлин тастыкталган (TOEFL, IELTS) күбөлүк

Документтер 2020-жылдын 24-январына (саат 17.00 ) чейин берилиши керек.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, 220-кабинет, маалымат үчүн байланыш телефону: 0 (312) 62 15 19. 

Стипендияга төмөнкүлөр кирет:

- окуу үчүн төлөө акысы;

- эл аралык авиаучуулар (жылына бир жолу, эконом-класс);

- ай сайын берилүүчү стипендия;

- медициналык камсыздоо;

- визанын жана каттоонун баасы;

Курактык чектөөлөр:

- бакалавриат – 25 жашка чейин;- магистратура – 30 жашка чейин;
- докторантура – 40 чейин.

Кыргыз тараптын конкурстук сынагынан кийин, министрлик тарабынан сунушталган талапкерлер Азербайжан тараптын кошумча тандоо конкурсунан өтөт (1. тиешелүү документтерди кароо; 2. Интервью онлайн).

Жогорку окуу жайлардын тизмеси:

• ADA University
• Azerbaijan University of Languages
• Azerbaijan State Agricultural University
• Azerbaijan State University of Economics
• Azerbaijan State University of Culture and Arts
• Azerbaijan State Oil and Industry University
• Baku Higher Oil School
• Azerbaijan State Pedagogical University
• Azerbaijan Arts Academy
• Azerbaijan University of Architecture and Construction
• Azerbaijan National Conservatory
• Azerbaijan Technical University
• Azerbaijan Medical University
• Azerbaijan University of Tourism and Management
• Baku State University
• Baku Engineering University
• Baku Slavic University
• Nakhchivan State University
• Baku Music Academy named after Uzeyir Hajibeyov
• Khazar University
• Ganja State University

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями