"Азаттык" үн алгысы сотко келген жок
Адабият  |   |  824

Белгилүү журналист, режиссёр Ырыс Окенова  "Ак Шоола" сериалы 250 миң долларга тартылган"- деген туура эмес маалымат таратканы үчүн "Азаттыкты" сотко берген. Бирок сот отурумуна "Азаттык" үн алгысынын өкүлдөрү келбей койгон. Бул тууралуу белгилүү режиссёр  NazarNews.kg маалымат агенттигине айтып берди.

--“Азаттык” мага жалаа жапкандыгы үчүн Ленин райондук сотуна өз укугумду коргоо үчүн арыз менен кайрылганмын. Арызым кайтарылып жатып араң кабыл алынган.  Бүгүн, биринчи сот отуруму болуп өтүшү керек эле, бирок "Азаттыктын" жактоочусу да, өкүлү да келген жок. Ал тургай сот да бул туурасында эч кандай маалымат билбейт экен, - деп билдирди Ырыс Окенова.

Булак: NazarNews.kg

 

Поделитесь с друзьями