Азамат Байматов эми малайзиялык клубда ойнойт
Спорт  |   |  293

Футбол боюнча Кыргызстан курама командасынын коргоочусу Азамат Байматов малайзиялык “Куала-Лумпур" клубуна өттү. Бул тууралуу футболист жергиликтүү маалымат булактардын бирине билдирди.

Өткөн сезондо Байматов “Дордой” клубунун курамында болгон кезде Кыргызстандын чемпионатын жеңген. Анын айтымында келишим бир жылга эле түзүлгөн.

Байматов аны индонезиялык клубка чакырышканын, бирок ал Малайзия ага жана анын үй-бүлөсүнө ыңгайлуу экенин айткан.

Байматов кирген жаңы клуб былтыр Малайзияда Жогорку лигада ойношкон. Бирок алар акыркы, 12-орунду ээлешкен.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями