Азамат Баяманов: "Мен дагы бүгүнкү Ат-Башыдагы митингти колдойм!"
Саясат  |   |  2432

Мен дагы бүгүнкү Ат-Башыдагы митингти колдойм! Ат-Башылык туугандарым, сиздерге абдан ыраазымын! -деген пикирин Азамат Баяманов жазып чыкты. 

Ал: - Чындыгында, чыркырап, 49 жылга кетип жаткан жерди бербестин айласын көрүп жатасыздар. Сиздердин эрдигиниздерди бул жактан баалап, абдан ыраазымын. Ат-Башынын эли - абдан намыскөй, Кошой баатырдын урпактары, баатыр эл экени талашсыз. Баарыбыз бириксек колдон келет, биз өлүп баратсак дагы жерди эч качан кытайга бербейбиз! Мен сиздер мененмин!

Акыркы учурда, бийлик Ат-Башылык коомдук уюмдарды жетектеген жаштарды пайдаланып, эртенки митингти уюштурбоо максатында резолюция кабыл алымыш этип, элди алдап жатат. Элибиз мындай майда нерселерге алданбайт жана аягына чейин турат!

Эгер бийлик Ат-Башыдагы логистикалык борбордун курулушун токтотпосо, анда токтоосуз, мөөнөтсүз митингдерди баштайбыз жана бардык жоопкерчиликти элим үчүн, жерим үчүн өз мойнума алганга даярмын! -деп жазган Азамат Баяманов. 

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями