Атамбаевдин психикалык саламаттыгынын начардыгы чек ара маселелеринин чечилишин кандайча кечеңдеткен?
Саясат  |   |  447

Кыргыз-тажик чек арасынын айланасындагы маселе учурдун талылуу маселелеринин бири болуп турат. Акыркы убактарда чек ара аймактарында жашаган эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда болуп өткөн жаңжалдар мунун ачык мисалы болууда. Чек ара маселесин чечүү багытында буга чейин эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрүнүн да бир нече ирет сүйлөшүүлөр жүрдү. Президенттердин деңгээлинде да сүйлөшүүлөр болду. Кече 14-январда да эки өлкөнүн вице-премьер-министрлеринин жетекчилигинде өкмөт мүчөлөрүнүн түн ортосуна чейин созулган сүйлөшүүсү жүрдү.

Жыйынтыгында чек ара маселесин тез арада чечүү багытында, чек арадагы чыр-чатактарды болтурбоо максатында бир нече сунуштар камтылган протоколго кол коюлду. Негизи чек ара маселеси Кыргызстан өз алдынча эркиндик алгандан бери карай эле чечилбей келе жаткан көйгөй экени белгилүү. 14 жыл өлкөнү башкарып турган Акаев да бул маселени чечпей кетти. Андан кийин 5 жыл бийликте отурган Бакиев да чек араны тактаганга олуттуу аракет жасаган жок. Тескерисинче, анын убагында Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын аркалап турган Адахан Мадумаров Кыргызстанга таандык жерди тажиктердики деп тааныган протоколго кол коюп, талаштын үстүнө дагы талаш кошуп койгону белгилүү. Атамбаевдин убагында да бул маселени чечүүгө мүмкүнчүлүк бар эле. Тилекке каршы, АША өзүнүн эмоциясын кармана албаганы, дипломатиялык чектен оркоюп чыга калган сөздөрү аркылуу коңшулаш мамлекеттер менен мамилелерди бузуп алган. Ошол убакта эле кыргыз-тажик чек арасын чечүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрө турган болуп, бирок ага тажик тарап келбей койгон. Себеби, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Атамбаев менен сүйлөшпөй турганын кыйыткан эле. Буга себеп Атамбаевдин коңшулаш Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум И. Каримов тууралуу айтканы болгон. Эске сала кетсек, Улукбек Кочкоров парламент депутаты болуп турган кезде «Атамбаев Өзбекстан менен чек ара маселесин Ислам Каримов өлгөндөн кийин чечебиз, ал карып калды, өлөөрүнө деле аз калды» деп айтты дегени бар эмеспи. Анан коңшулардын президенттери тууралуу ушундай сөздөрдү айтып отурса, чек ара маселеси кантип чечилмек эле? Ошентип бардык жүк бүгүнкү бийликтин мойнуна илинип отурат. Жоопкерчиликти, милдетти туура түшүнгөн учурдагы бийлик чек ара маселелерин чечүү багытында үзгүлтүксүз аракеттерди жасап келет.

Сүйлөшүүлөр акырындык менен натыйжасын берүүдө. 14-январда болгон сүйлөшүүнүн натыйжасы эми март айында байкалат. Чек ара маселесин чечүүдө эмоцияга алдырбай, дипломатиялык жол менен аракет кылуу зарыл. Бүгүнкү бийлик дал ошол багытта иш алып барууда.

Булак: “КабарИнфо”

 

 

 

Поделитесь с друзьями