Атамбаевдин Орусиянын жыттатып келген татар Андрей Бельяниновго кайрылып тургандагы кези
Кыска-нуска  |   |  936

Дайыма жарык чачкан күнүм белең

Сен барда Кант Авиабазасынан учуп кетем.

Жашаймын сени менен Андрей -сот,

Түбөлүккө картайбаган сүйүүм менен.

 

Кайырма:

Кыялдарга батам түркүн

Андрей-дос  мага сүйкүм.

Бүт  өмүргө шерик болуп,

Кремлдеги ошол бир күн.

Оо, Бельяминов өмүрлөшүм,

Мени алып кеткен көңүлдөшүм,

Сен бар үчүн бактылуумун.

 

Бийликтин эч нерсе эмес камаганы,

Бифштекс кылып мени жамандады.

Бир доллар баага кеткен «Кыргызгазы»,

Бирөөгө оозду ачсаң камал дагы.

 

Кайырма:

Кыялдарга батам түркүн

Андрей-дос  мага сүйкүм.

Бүт  өмүргө шерик болуп,

Биз ашаган ошол бир күн.

Оо, Бельяминов өмүрлөшүм,

Мени алып кеткен көңүлдөшүм,

Сен бар үчүн бактылуумун.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Поделитесь с друзьями