Асылбек Жээнбеков эмне деген партия түздү?
Аналитикасы  |   |  839

Асылбек Жээнбеков партия түзүп, түзөр менен парламентке депутаттардын тизмесин кошо түзүптүр. Парламенттик шайлоо алдында партия лидерлери шайлоо боюнча жыйын өткөрүп жатат, бир кезде тыныгуу убакыт болуп калды. Кой көптөн бери жолугуша элекпиз, бир жакшы черибизди жазып анекдот айтып алалы дешет.  Булар дайыма жолугуп, бири-бирине анекдот айтып жүрүшүп, бири-биринин анекдотторун жатка билип калган. Ошондуктан, убакытты үнөмдөш үчүн анекдотторго номер коюп алышыптыр. “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын- лидери Бакыт Төрөбаев:

-Жыйырма эки! –дейт, угуп отургандар бүт шарактап күлүп, ушул айтканы мыкты анекдот экен, көптөн бери жакшы күлө элекпиз дешет.

Мен дагы бир анекдот айтып койойун дейт “Бир бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов, бардыгы кулагын төшөп калышат:

-Кырк жети! –дейт, “Баракелде!”-дешип бардыгы кол чаап жиберишет.

Кезек келгенби “РАЖ” фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов:

-Жүз жыйырма! - деп бакырып чыгат. Жакында партия түзгөн Асылбек Жээнбековдон башкаларынын  боору эзилип калат. Асылбек Жээнбеков  элдин көңүлүн ачканга бир анекдот айтайын дейт. Кубанып турган партия жетекчилери анын анекдотун угалы дешет. Асылбек Жээнбеков жаңы гана партия түзүп, кайсы анекдоттун номуру канчанчы экенин билбейт, болжоп туруп:

-Он үч! –дейт, жанагы каткырып жаткан партия башчыларынын бири жок, бары тең сумсайып калышат. Кыргызстандын аялдар Конгрессинин президенти Замира Акбагышова “Ушунуңуз уят да!” - деп, аял партия жетекчилеринин бары жаман көздөрү менен карап чыгып кетишет.

- Асылбек Шарипович биз өтө уяттуу анекдотторду аялдардын көзүнчө айтышпайбыз да. Эми аялдар кетти каалаган анекдотуңузду айта бериңиз? –деп жата калыптыр, ар кимге жагалданып көнүп калган СДПК фракциясынын лидери Иса Өмүркулов. 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Поделитесь с друзьями