Аскар Акаев чек ара бекем болсун деп айыл түптөптүр, Жеңиш Разаков ал айыл башчыны иштен алганы жатабы?
Саясат  |   |  3509

Баткен облусундагы Тажикстан менен чектеш аймакта жайгашкан Максат айылынын айыл башчысы Сапарали Адинаевди вице-премьер-министр Жеңиш Разаков иштен алуунун амалын издеп жүргөндүгүн көргөн билгендер айта баштады. Алардын катарында мурдагы вице-премьер-министр Камила Талиева Фейсбук баракчасына “Жеңиш Разаков! Сапарали менен күрөшпөй, чек ара маселеси менен күрөшпөйсүңбү? Анын артында эли бар, биз бар! Колуңду тарт!”, -деп пост жайгаштырса, Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев дагы Сапарали Адинаевди колдоого алган. Андан сырткары, Максым Баткенский аттуу жаран, Максат айылын 1996-жылы Аскар Акаев чек ара бекем болуш үчүн түптөгөндүгүн жазган.

 

Андан сырткары, ал айыл башчысы Сапарали Адинаев  далай жолу тажик чек арачылары менен жер талашып, Кыргызстандын 1 метр жерин коңшулаштарга бербей келе жаткандыгы тууралуу ой бөлүшүп, жакында Бишкекте чек ара тезирээк чечилсин деген талап менен өткөн митингде Сапарали мырза дагы катышып, сөз сүйлөгөндүгү үчүн Жеңиш Разаков аны кызматтан алуусун акимге тапшыргандыгын айтат.  

Булак: NazarNews.kg

 

Поделитесь с друзьями