Андижан окуясында Кыргызстандын катыштыгы барбы? Прокурор 15 жыл мурунку окуянын бетин ачты
Дүйнө жүзүндө  |   |  2842

Андижан окуясы көпчүлүккө ачылбаган сыр боюнча калууда. Бул маселе кайрадан көтөрүлдү. Өзбекстандагы жергиликтүү QALAMPIR.UZ маалымат агенттиги Өзбекстан Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Светлана Артыкова менен маек куруп, көптөгөн сырлар ачты. Кесиптешибиз Камариддин Шайхов менен Башкы прокурордун орун басары Светлана Артыковага 2005-жылдын 13-май айында болуп өткөн кандуу кагылышта мамлекеттик күч органдар жергиликтүү жарандарга ок чыгарганбы, деген суроо менен кайрылган. Өзбекстандын тарыхында биринчи жолу мамлекеттик кызматкер 15 жыл мурун болуп өткөн окуяда чын эле жергиликтүү жарандарга ок атылган деп ачыгын айтты. Өзбекстандык кесиптешибиз Камариддин Шайховдун маеги төмөндө:

—Мен сизди 2005-жылдан бери тааныймын. Ошондо эл аралык маалымат каражаттарына чыгып Андижанда болуп өткөн окуя боюнча маалымат берген элеңиз. Келиңиз, бүгүн ошол болуп өткөн окуяларды эң башынан, сизге чалынган коңгуроодон баштайлы.

— Албетте, ал убакытта абал өтө оор болгон. Азыр ошол окуяны эстесем, эркек киши болсоңуз дагы ыйлап жибересиз. Бир нече күн мурун Башкы прокурордон үч күнгө руксат алдым. Кызым менен ата-энеми көргөнү Үч-Коргонго кетип бара жаттым эле. Наманганга телефон чалып, такси жиберүүнү өтүндүм. Ал күнү кызым дагы, мен дагы уктабастан таксини күттүк. Саат 2 же 3 чамасында такси келди. Буюмдардын баарын унаага жайгаштырдык. Кетип бара жатып, газ менен электр жарыгын өчүрөйүн деп үйгө кирип калсам, телефон шыңгырап калды. Трубканы алсам, жумуштан “Андижан өрттөндү”, “боевая тревога”, “баарыңар жумушка”, деди. Кызым ызы-чуу, тополоң кылып жиберди. Кана ошол убакытта балага баарын түшүндүрө алсаң. Экинчи кабатта карып калган кошуналарым бар эле, “мына сизге кыз, мына сизге базарлык, мына сизге үйдүн ачкычы”, деп жумушка шашылып чыгып кеттим. Күтүп турган такси мени ишке алып барып койду. Ал күндөр эч качан эсимден чыкпайт... жумушума келе жатканда эми күн чыгып баштаганы көз алдымда тартылып турат. Ошентип эки ай үйгө барган жокмун. Болбосо 15 мүнөттүк жол. Кызымды карып калган кемпир менен абышка карап турду, алардан кызымдын абалын телефон аркылуу гана сурап турдум. Муну менен эмне демекчимин: эгерде мен өзүмдүн сөзүмө ишенбесем, эгер мен мыйзамга таянбасам, Конституция менин жашоом болбосо мен эч качан сүйлөбөймүн жана майданга чыкпаймын. Өзүм тергөө иштерине катышканмын, Андижанга барып, өз көзүм менен кырдаалды көргөнмүн, айыпталуучулар жана жабырлануучулар менен сүйлөшкөнмүн, ал окуяны түздөн-түз айта аламын террордук кол салуу болчу.

— Эмне үчүн Андижан окуясы Өзбекстандын аброюн түшүрүп жиберип, Светлана Артыкованын аброюн көтөрдү?

—Тилекке каршы бул сурооңузга мен жооп бере албаймын. Билбеймин. Чындыкты айтып берүү менин милдетим болчу.

— Чындыкты айта алдыңызбы? 

—Европадан атайын эл аралык уюмдар келди, парламентте түзүлгөн жумушчу топ менен Андижанган учуп бардык. Имамдарга чейин түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Өзбекстанда Андижан окуясын түшүндүрүү иштерине мен кирбеген Жогорку окуу жайлар калбады окшойт. Анткени болуп өткөн окуяны көзүм менен көрүп, колум менен кармаганмын. Ал каргашалуу окуя террордук чабуул болчу, ошол убакытта кимдир бирөөлөргө ушул керек болгон. Көрөалбагандар бар. Тырмакчалардын ичиндеги, достор. Алар дагы эле бар. Ошол учурда бүткүл дүйнөгө бир сөздү айтканмын: менин негизги максатым – өмүрүмдүн акырына чейин Өзбекстандын тынчтыгы үчүн күрөшүш. Менин балам, коркунучсуз көчөгө чыгыш керек жана ал аман-эсен үйгө кайтышы керек. Сиздин муздаткычыңыз тамак-ашка толтура болсун, бирок тамагыңыздан бир уурттам суу өтпөсө эмне кереги бар. Балам аман-эсен келеби деген коркунуч өзбекстандыктарда болбошу керек. Так ушул тынчтык үчүн мен өзүмдүн жашоомду багыштагам.

— Светлана Баймырзаевна, эмне үчүн эл аралык медиа мамлекеттен чыгарылып таштаган, алар кайра мамлекетке киргизилген жок?

— Саясый чечим ушундай болгон. Убакыт ошону талап кылган.

—  Андижан окуясында мамлекеттик аскерлер жергиликтүү жарандарга ок чыгарганбы?

— Кырдаалга жараша учурларда болгон.

— Даярдык болгон эмеспи..?

—Окуя болгондон кийин баардыгы ылдамдык менен болгон. Чек ара ачылып, Кыргызстанга чыгып кетишсин деп айтылган. Чындыгында жергиликтүү тийиштүү органдар жакшы иштеген эмес. Ага чейин даярдык болбогон, себептер көп.

— ...жана болуп өткөн. Тынч жаткан жергиликтүү жарандарга атылган ок чындыкка жакын.

— Албетте. Ошондуктан адамдар жоопкерчиликке тартылган. Бул тууралуу да айтып чыкканмын. Азыр күнөөлүүлөр жазасын өтөп келип, жай турмушта жашап жатышат.

— Бийликтегилер деле бар беле?  

— Бийликтегилер деле бар эле. Канчалаган киши кызматынан ажыраган. Бизден деле катачылык кеткен. Ошол убакыттарда сен маек алып жаткан Артыкова ар бир жыйналышта «Бизден дагы катачылык кетти» деген сөздү айтат эле, деп маегин жыйынтыктаган Башкы прокорордун орун басары Артыкова.

Чындыгында Өзбекстандын тунгуч президент Ислам Каримов мамлекетин мыкты башкарды. Аны диктатор дегени менен Каримов өтө кыраакы жана акылдуу, саясый эрки күчтүү киши болгон. Ислам Абдуганиевичтин президент болуп келгенде алгачкы урааны «Гүлдөсүн, жашасын - Өзбекстан» болсо, Аскар Акаевдин урааны «Кыргызстан – жалпыбыздын үйүбүз», “Кыргызстан – демократиянын аралчасы” деп олтуруп, баш-аламандыкка кептелдик. Дейин десек так ошол президенттерди сазга батырган «Сүмбүлдөр менен  дүмбүлдөр» кайра эле КР Сооронбай Жээнбовдун жанында жүрүшкөнү таң калычтуу.

Баса, өзбекстандык Башкы прокурордун маегин окуган кыргызстандык айрым аткаминерлердин жүрөгүндө ата-мекенге болгон сезим ойгоноор…

Гүлжан Шерипбаева, NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями