Алтынбек Намазалиев: «Ата-энеңерди, агай-эжеңерди уккула, балдар»
Коом  |   |  424

29-декабрда  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү   Алтынбек Намазалиев Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында   балдар үчүн балаты кечесин  өткөрдү. Бул тууралуу аталган  өкүлдүн маалымат  катчысы билдирди.
Маалыматка таянсак,  Чүй облусунун Кемин, Чүй, Ысык-ата, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл жана Панфилов райондорунун мектеп окуучулары жана мектепке чейинки балдар катышты. Шаңга бөлөнгөн кечеге   ата-энелер да күбө болушту.

Алтынбек Намазалиев жаш жеткинчектерди   ата-энени сыйлоого, мугалимди урматтоого жана  тарбиялуулукка чакырды.

"Ата-энеңерди, мугалим — агай-эжеңерди жана тарбиячыңарды уккула балдар", - деди Намазалиев.

Концерттик программанын аягында  балдарга аяз ата жана аяз кыз белектерин тапшырып, баардык катышуучулар үйлөрүнө көңүлдүү кайтышты.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями