Алтынай Өмүрбекова: "Коомдук саламаттык сактоо тутуму модернизациялоого муктаж"
Саясат  |   |  584

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2019-жылдагы иштеринин жыйынтыгы, 2020-жылдагы милдеттери боюнча өткөрүлгөн коллегиясына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга онлайн-режиминде облустук саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери да катышты. 

Саламаттык сактоо министринин орун басары М.М. Каратаев саламаттык сактоо тармагындагы мекемелердин инфраструктурасын жакшыртуу жана зарыл болгон жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча көрүлгөн чаралардын программасынын аткарылышы жөнүндө маалымат берди.

Жыйында 2019-жылы жүрөк-кан тамыр, онкологиялык оорулардын жана жол-транспорт кырсыктарынын кесепетинен өлүмдүн саны көп болгону айтылды. 

Алтынай Өмүрбекова өз сөзүндө 2019-жылы саламаттык сактоо системасында кызмат көрсөтүүнүн сапаты жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча белгилүү бир деңгээлде системалуу жылыш болгонун белгиледи. 

Ал 2019-жылы Өкмөт бир катар маанилүү чечимдерди кабыл алды.

Мисалы: гемодиализ кызматын акысыз  көрсөтүүнүн тартиби бекитилди, кыргызстандыктардын Түркияда акысыз дарылануусу үчүн берилген квота 100дөн 150гө чейин көбөйтүлдү, онкологиялык илдетке чалдыккандар үчүн химиопрепараттарды алууга каражат бөлүндү, Улуттук онкология борборуна заманбап жогорку технологиядагы жабдуулар алынды, дары-дармектин баасын жөнгө салуунун эрежеси бекитилди, сейрек кездешүүчү илдеттерди дарылоо үчүн дарыны каттоосуз ташууга уруксат берилди жана калк үчүн зарыл болгон маанилүү чечимдер кабыл алынды.

«Профилактикалык иш-чараларда натыйжалуу биринчи медициналык-санитардык жардам системасынын өнүгүшү маанилүү роль ойнойт. Бирок учурда иштин комплекстүү планы жана бул багыттарды каржылоонун механизми жок.

Стационардык дарылоого караганда профилактика жүргүзүүгө алда канча аз каражат кетет. Ошондуктан коомдук саламаттык сактоо тутуму модернизациялоого муктаж болуп турат. Финансылык автономиянын жаңы элементтерин киргизүү медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууну, материалдык-техникалык базаны чыңдоону жана калыктын жогорку технологиядагы кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн шарттайт», – деди вице-премьер-министр. 

Алтынай Өмүрбекова саламаттык сактоо тутумунун учурдагы каржылоо механизмин өзгөртмөйүнчө конкреттүү жыйынтыкка жетүү мүмкүн эместигин айтты. Ал саламаттык сактоо системасында каражат жетиштүү, бирок сарамжалдуу колдонулбай жатканын жана натыйжалуу менеджмент жок экенин кошумчалады. 

Вице-премьер-министр медициналык билим берүүнүн экспорту тууралуу айтып, жаңы медициналык окуу жайларга лицензия берүүгө тиешелүү деңгээлде көзөмөл жүргүзүлбөй жатканын, бул өлкөнүн имиджине терс таасирин тийгизип жатканын белгиледи.

Анын айтымында, Индиядан, Пакистандан, Бангладештен жана башка мамлекеттерден студенттерди тартуу тажрыйбасы кеңири колдонулган окуу жайларга өздүк клиникалык базасы бар, заманбап жабдуулар менен жабдылган, кесиптик профессордук-окутуучулар жамааты толук курамда болгон учурда гана лицензия берилиши керек. 

Вице-премьер-министр электрондук саламаттык сактоо тутумун киргизүүнүн маанисине токтолуп, бул багыттагы иштерди белгиленген мөөнөткө ылайык   бүтүрүү тапшырмасын берди.

«Жарандар интеграцияланган электрондук системанын алкагында каалаган учурда, каалаган жеринде сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүнү   алыш керек. Кызмат көрсөтүүнүн шарттары сапаттуу, түшүнүктүү жана жеткиликтүү болушу шарт. Мындан тышкары бекер жана акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн ортосунда так ажырым жок болгондуктан, элдин формалдуу эмес төлөмдөрүнүн деңгээли жогору бойдон калууда», – деди вице-премьер-министр.

Алтынай Өмүрбекова республикада 2018-жылдын октябрь айынан бери индикаторлордун негизинде иштин жыйынтарын баалоо боюнча дарыгерлерге шыктандыруучу төлөм киргизилгенин эске салды.

«Бул ыкма үй-бүлөлүк дарыгерлердин ишинин натыйжалуулугун жана алардын макамын жогорулатуу максатында  иштелип чыкты, ошондой эле тажрыйбасына, көп жылдык эмгегине, категориясына карабастан айлык акысына кошумча төлөмдүн кошулушу алардын иш жүзүндө аткарган жумуштарын аныктайт. Бул медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуунун негизги фактору болуш керек, бирок бул үчүн медицина кызматкерлеринен активдүү аракет керек», - деди вице-премьер-министр.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями