Алты жаштагы бала менен анын атасынын жансыз денеси табылды
Кылмыш жана кырсык  |   |  5592

Россиянын Краснодар крайында милиция эки адамдын жансыз денеси табылган факт боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 6 жаштагы бала менен 33 жаштагы атасынын жансыз денесин краснодар крайынын жергиликтүү тургуну тапкан. Укук коргоо органдарынын версиясы боюнча, киши өзүнүн баласын менен өлтүрүп, андан кийин өзүнун жанын кыйган.

Тергөөчүлөр, окуянын чоо-жайын жана эмне себептен киши мындай жолго барганын текшерип жатат. Ошондой эле, укук коргоочуларды каза болгон баланын жашоо шарты жана тарбиясы да кызыктырып жатат. РФ мыйзамына ылайык, “Киши өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями