Алматыдагы учак кырсыгынан жарбыркагандардын ичинде кыргызстандык да бар
Кылмыш жана кырсык  |   |  282

Алматыдагы  учак кырсыгынан жабыркаган бир кыргызстандык азыр ооруканада жатат. Тышкы иштер министрилигинин өкүлү Уланбек Дыйканбаев жергиликтүү басылмалардын бирине билдирди.

"Башкы консулдуктун маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасынын бир жараны ооруканада"-дейт Уланбек Дыйканбаев.

Бүгүн, 27-декабрда эртең менен "Bek Air" авиакомпаниясына таандык учак Алматынын аэропортунан Нур-Султанды көздөй сапар алган. Бир нече убакыттан кийин Гүлдала айылынын четине кулап түшкөн.

Ичинде, биринчи маалыматка ылайык, 95 жүргүнчү жана беш экипаж мүчөсү болгон.

Алматынын акимчилигинин соңку билдирүүсүнө караганда, каза болгондордун саны 15 адамга жетти. 66 адам ооруканада. 

Булак: NazrNews.kg

Поделитесь с друзьями