Алмамбет Шыкмаматов, ЖК депутаты: “Эркиндикти эңсеп, кошоматчылык, интригаларга малынып...”
Саясат  |   |  3731

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов, бош учурун китеп окуу менен алектенип жатат. Бул тууралуу маалыматты депутат өзүнүн социалдык тармагына жазып чыкты.

--Карантинде убакытты китеп окуп жана машыгуу менен өткөрүп жатам. Жалаң китеп окуу, же ТВ көрүү адамды талыктырат. Ошондуктан бир саат машыгуу керек сөзсүз. Бул китептин интернет версиясы дагы бар, таап окуса болот (Джордж Оруэлл "Скотный Двор"). Сатира жана какшык (сарказм) жанрында жазылган уламыш. Ферманын ичиндеги үй жаныбарлары кожоюндун тартибине каршы көтөрүлүшкө чыгып, бийликти өз колуна алышат. Адамдарга баш ийбеген адилетүү коом курууга бет алышат. Эркиндикти самаган жаныбарлардын тилегин таш каап, бечаралар жаңы диктаторго кабылышат. Бийлик талашкан жаныбарлардын зордук-зомбулук, кошоматчылык, интригаларга малынган жоруктары туралуу уламыш. Эгерде бул жанр жакпаса анда Ковадонга О'Шинин "Феномен Zara" деген китеби жакшы. Кадимки "Zara" брендинин негиздөөчүсү Амансионун басып өткөн жолу, тагдыры, дүйнө таанымы жөнүндө публицистикалык чыгарма», - деп жазып калтырган депутат.

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 24-мартта «Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө» Жарлыкка кол койгон. «2020-жылдын 11-мартында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 жаңы коронавирустук инфекциясынын (мындан ары — коронавирустук инфекция) жайылышын пандемия катары жарыялады. Ал эми Кыргыз Республикасынын аймагында жарандардын коронавирустук инфекцияны жуктуруп алган 44 жаран тастыкталды. Учурда бейтаптардын алтоо реанимацияда жатат. Бүгүн, 26-мартта оору жуккан жаңы учур катталган жок.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями