АКШнын Борбордук Азиядагы чийки стратегиясы
Дүйнө жүзүндө  |   |  534

Мамлекеттик катчы Майк Помпеонун Борбор Азияга жасаган акыркы иш сапары геосаясатта жүрүп жаткан таасир талашка туш келди.

Ааламды АКШнын көзү менен каратуу амалы ишке ашпай Түркия, Россия, Иран, Кытай баш болгон дөө-шаа державалардын каяшасына кабылган АКШ бул сапар да дембе-дем көтөргөн демократия деген ураанын жамынып Борбор Азия мамлекеттеринин өкүлдөрү менен С5+1 (Борбор Азиянын беш өлкөсү+АКШ) форматында кездешти. Мамлекеттик катчынын маанилүү деген иш сапары өз кезегинде бир топ талаш тартышка жем таштап, АКШнын амалкөй жүрүшү ачыкталып калганын, АКШ Борбор Азия өлкөлөрүнө тандалма саясат жүргүзүү позициясын карманганын, ошонун себебинен буга чейин “демократия аралчасы” деп аталып жаткан Кыргызстанга бул сапар мамлекеттик катчы маани бербегенин, себеби экономикалык жактан түзмө-түз Россияга көз каранды болгон Кыргызстан жакынкы аралыкта орустардын таасиринен кутула албасын билгенден улам жогорудагыдай позицияны карманганын айрым серепчилер айтып чыгышты. Мына ушул Борбор Азияга жасалган иш сапарды улай Вашингтон 2025-жылга карата Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташуунун жаңы стратегиясын жарыялады. “Биз жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн дооруна кирдик”- деген мамлекеттик катчы Майк Помпеонун Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Элис Уэллс жаңы стратегиянын максаты - аймакта туруктуулукту камсыз кылуу жана чөлкөмдүн кайсы бир державадан көз каранды болуп калышына жол бербөө экенине токтолду. Ошондой эле, стратегияда бирдиктүү электр түйүнүн түзүү, визалык жана бажы операцияларын стандартташтыруу, чек ара соодасын күчөтүү максатында ар кандай бөгөттөрдү жоюуга көмөктөшөөрүн, Кыргызстан менен Тажикстан CASA-1000 долбоорун жигердүү ишке ашырып, келечекте электр энергиясын Ооганстан менен Пакистанга экспорттоо мүмкүнчүлүгүн алаары буга мисал экенин билдирген. Кыйыр түрдө айтылган бул ойлор кимдир бирөөнүн короосуна карай ыргытылган таш экенин баамдабай коюуга мүмкүн эмес. Ооба, бул сөздөр ачык эле Россия менен Кытайды бута алганын көрүп турабыз. Ал эми мына ушул эки державанын Борбор Азияда орду кандай? Кандай болгон күндө дагы Борбор Азиянын эки чоң коңшу өнөктөшүн эстен чыгарып коюу акылга сыйгыс экенин саммитке катышкан беш өлкөнүн лидерлери да, АКШ да жакшы билет. Россия саясий жана коопсуздук жагынан көмөктөшсө, Кытай бараандуу экономикалык долбоорлорду ишке ашырууда негизги өнөктөштөрүнүн бири. Алардын артыкчылыгы катары сыпатталып жаткан бул аракеттеринин артында эмне турушу мүмкүн? Ооба, акыркы мезгилде Борбор Азияда Кытайдын салмагы артып жатат. Кытай аймакта инфратүзүмдүк долбоорлорду каржылоого тоскоолдуксуз макулдук берип келет. Бирок, кези келгенде Тажикстан жана Кыргызстан сыяктуу экономикасы чабал өлкөлөр кытай насыясын кайтарууда бир топ көйгөйгө кабылышы толук мүмкүн. Бул коркунучтардын алдын алуу озуйпасын аткарууга белсенген АКШ жаңы стратегиясында көйгөйлөрдү чечүүнүн жолун так көрсөткөн эмес. Россия болсо чөлкөмдөгү башкаруучу режимдерди саясий стабилдүүлүк үчүн деген жүйө менен колдоп, алардын ички саясатына чейин кийлигишип келет. Бул маселени чечүүгө да АКШнын азырынча тиши өтпөсү анык. Эгер, Казакстанды эсепке албаганда Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан Россияга карата каш кайрый турган болсо, орус бийлиги үч өлкөдөн барган миллиондогон мигранттарды рычаг катары колдонуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, экономикалык жактан көйгөй жаратуу жолдорун колдонушу толук ыктымал. Андыктан акыбалыбызга жараша тышкы саясатты жүргүзүү мезгил талабы. Өзбекстандай болуп алгач экономикалык жактан көз карандысыздыкка жетип, андан соң бардык тарап менен теңата эсептешкидей болуубуз абзел. Россия, Иран, Кытай, АКШ, Түркия сыяктуу державалардын кайсынысы Кыргызстанга карата экспансиялык саясатка ээ эместигин, саясий иштеребизге кайсынысы кийлигишпей турганын эске алуубуз шарт. Өз стратегияларын адам укуктары деген боёк менен боёп койгон АКШнын Борбор Азияга болгон “камкордугу” Жакынкы Чыгыштагы стратегиясы сыяктуу эле чийки экендиги кашкайып көрүнүүдө. Себеби, АКШнын стратегиясы керек болсо ай сайын өзгөрөөрүн анын Жакынкы Чыгыштагы, өзгөчө Түркияга карата саясаты көрсөтүүдө. Түрктөр менен НАТОдо өнөктөш болгон АКШ, кайра эле түрктөргө каршы РКК жана YPG сыяктуу террордук топторду айдактаганын дүйнөлүк коомчулук көрүп турат. Демек, Борбор Азия мамлекеттери геосаясаттагы кубулма стратегияларды жакшы таанып билүүсү керек. Өз өлтүрбөт, жат арытпайт дегендей жакын кошуна жана боордош мамлекеттер менен тыгыз кызматташып, өзүнүн тышкы саясатын эркин жүгүзүүгө жетишүүсү негизги максат болушу абзел.

Булак: "Майдан.kg"

Поделитесь с друзьями