АКШ менен Орусия тирешип турат. Трамптын унчукпагандыгынын себеби, 2020-жылы президенттик шайлоо болот
Аналитикасы  |   |  580

Быйылкы жылы АКШнын дагы бир баш оорусу жаралат. Анткени, 2020-жылы АКШнын президентин шайлоо жылы. АКШнын президенти шайланаарда Орусия да чечүүчү ролду ойноп кетет. Анткени, АКШда орус тилдүүлөр шайлоочулардын эң активдүү адамдары. Англис тилдүүлөргө баары бир, ким президент болсо ошол болсун дешип, алар шайлоого көп кызыгышпайт, ал эми орус тилдүүлөр шайлоо болоордо “тирилип” кетишет да чыныгы электорат катары шайлоону каалагандай чечип коюшат. 2016-жылдагы президенттик шайлоодо Клинтондун жубайына каршы орус тилдүүлөр иштеп, Дональд Трамптын президент болушу үчүн орустар чоң роль ойногон. Ушундан улам Трамп  кайрадан шайланып келиши үчүн Орусия менен катуу чырдашуудан чочуп турат.

АКШынын Борбордук чалгындоо кызматынын мойнуна кылмыштар илинди

 ЦРУ Ооганстанда түзүлгөн куралдуу бөлүктөрү аскердик кылмышка тете укук бузууларга барды деп айтылат Human Rights Watch докладында.Докладдын авторлору бул аскер бөлүктөрү көтөрүлүшчүл топторго каршы күрөшүү үчүн түзүлгөнүн, шектүүлөрдү эч кандай тергөө жана соту жок эле атып салышканын жазууда. Айрым шектүүлөр болсо дайынсыз жоголгон дейт алар. Аскердик топ америкалык авиациянын жардамына таянып турган. Human Rights Watch 2017-жылдын соңунан 2019-жылдын орто ченине чейин болгон ушул сыяктуу 14 окуяны иликтеген. Би-Би-Си бул боюнча Ооганстан өкмөтүнө комментарий сурап кайрылды. Бирок азырынча жооп ала элек.Ооган атайын бөлүгүнүн адам укуктарын бузганы тууралуу сындар буга чейин БУУ жана New York Times тарабынан айтылган. ЦРУнун өкүлү Тимоти Баррет чалгындоо кызматы өзүнүн операцияларын мыйзам чегинде өткөрүп келгенин айтып, талиптер эч кандай эрежеге баш ийбей, ооган өкмөтүн колдогондорду жаманатты кылуу үчүн такай пропаганда жүргүзүп келгенин айтууда.

Human Rights Watch Ооганстан боюнча ондогон күбөлөрдү жана жергиликтүү укук коргоо уюмдарын сурамжылады. Докладда ЦРУнун колдоосуна таянган ооган атайын бөлүгү укук бузганы жөнүндө 14 учур көрсөтүлөт. Атайын аскер бөлүктөрү эч кандай түндөсү үйлөргө эскертүүсүз кирип барып, кишилерди көчөгө кууп чыгып, тинтүүлөрдү өткөргөн. Жарадар болгон талиптерге жардам көрсөткөнү үчүн дарыгерлерге кол салган. Ошондой эле кармалгандарды сураксыз эле атып салганы боюнча далилдер бар дейт уюм. Айрым учурда шектүүлөр кармалгандан кийин ың-жыңсыз эле жоголуп кеткен. Адашып же такталбаган чалгын маалыматтарынан улам кармалып, курмандыкка чалынгандар болгон. Бир жагы "жергиликтүү саясий атаандаштык" дагы болгон деп көрсөтөт докладдын авторлору.

Бул сыяктуу операциялардан улам жергиликтүү тургундар арасындагы жоготуулар саны соңку эки жылда кескин өсүп кетти. Докладда белгиленгендей, ЦРУ америкалык аскер күчтөрүнөн өз алдынча антитеррордук операцияларды өткөрүп келүүдө. ЦРУ куралдуу бөлүктөрдү окутуп, машыктырып бүт Ооганстан аймагы боюнча жөнөтүп турат.2017-жылдан тарта АКШ мындай аскер бөлүктөрүнө америкалык аба күчтөрүнөн жардам суроого уруксат берген. Жыйынтыгында калктуу аймактардагы бомбалоонун саны көбөйдү. Укук коргоо уюму ооган өкмөтүнө кайрылып, бул сыяктуу аскер бөлүктөрдү тез арада таратууга жана иликтөө жүргүзүүгө чакырды.Ооганстандагы согуш чейрек кылымдан бери токтобой келүүдө. Акыркы жылдары кырдаал туңгуюкка кептелди. Өткөн жылы Куралдуу жаңжал болуп жаткан аймактардан маалымат чогултуу долбоору (ACLED) ооган конфликтин курмандыктар саны боюнча дүйнөдөгү эң кандуу деп атаган. Талиптер менен сүйлөшүүлөрдөн азырынча жыйынтык чыкпай келүүдө.

Ооган тынчтыгы үчүн Бээжин эмнеге безеленип жатат?

Ооган эли жөн жатпаган эл, акыркы мезгилдерге чейин тишине чейин куралданган оогандыктар согушсуз жашап көргөн эмес. 2001-жылы АКШдагы эки мунараны жардырганга да оогандык “Талибандар” күнөөлөнгөн. Кытайдын Ооганстанга жан тартып калганы Кытай-Ооганстан-Өзбек темир жолун салалы деген максаты бар. Бул тууралуу өзүнчө сөз болот.

Ооганстандагы «Талибан» кыймылынын делегациясы өлкөдөгү согушту токтотууга жана тынчтык келишимине жетишүүгө багытталган сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасына катышуу үчүн Кытайга келди.Бээжин акыркы кезде Ооганстандагы тынчтык жараяны боюнча сүйлөшүүлөрдү уюштурууга жигердүү аралашууда.

Ооганга  Бээжин киришет

Кытай сүйлөшүүлөр өтө турганын расмий жарыялаган эмес, бирок Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хуа Чунин «Ооганстандын тынчтык жараянына жардам берүүгө» Бээжин даяр экенин айткан:

- Кытай оогандардын ортосундагы диалогду, анын ичинде ооган өкмөтү менен ооган талибдеринин диалогун колдойт. Биз тараптардын эркин сыйлоо менен Ооганстандагы тынчтыкка жетишүү жана жарашуу процессине жардам берүүгө даярбыз.

Ооганстандагы "Tolo News" телеканалынын өз булактарына таянып кабарлашынча, Кытайдагы жыйында президент Ашраф Ганинин жети пункттан турган «тынчтык жана жарашуу планы» сунушталат. Кытайдагы сүйлөшүүлөр бир нече күнгө жылып калды деген да маалыматтар чыгып жатат. Бирок ал тууралуу расмий кабарлана элек. Мурда да тараптардын сүйлөшүүгө катыша турган өкүлдөрүнө байланышкан карама-каршылыктардан улам жолугушуулар өтпөй калган учурлар болгон. Кытайдагы сүйлөшүүгө бир катар коомдук ишмерлер, анын ичинде «Талибан» менен сүйлөшүү жүргүзүүнү жактап келген мурдагы президент Хамид Карзай да келе турганы күтүлүүдө. Ал Москвадагы жолугушууларга да катышкан.

Ал эми «Талибандын» делегациясын кыймылдын таасирлүү лидерлеринин бири Абдул Гани Барадар жетектей турганы бегилүү болду. Ал өткөн жумада кытайлык дипломаттар менен Катарда кездешкен. Өлкөдөгү согушту токтотууга багытталган, оогандардын ич ара диалогу деп аталган жыйын акыркы жолу июлда Катардын борбору Дохада өткөн. Ага «Талибан» кыймылынан тышкары белгилүү коомдук ишмерлер, жарандык коом өкүлдөрү катышкан. Оогандардын өз ара диалогу «Талибан» кыймылы менен ооган өкмөтүн жараштырууну көздөйт. Бирок талибдер Ооганстандын өкмөтүнүн делегациясынын мүчөлөрү расмий бийлик өкүлү катары кабыл албай, ар бири өз атынан гана катыша турганын билдирүүдө. «Талибан» кыймылы Кабул өкмөтүн "Батыштын кол баласы" деп атап, алар менен бетме-бет отурган тикелей сүйлөшүүлөрдөн баш тартып келе жатат.

Оогандардын ооматы келип жатат

Бул сентябрь айында жайкын тургундар арасында чектен чыккан жардырууларды уюштурган акцияларынан кийин АКШнын президенти Дональд Трамп «Талибан» кыймылы менен бир жылдан бери келаткан сүйлөшүүлөрдү токтотуп койгон учурга туш келди.Ал эми АКШнын Ооганстан боюнча чабарманы Залмай Халилзад ошондон бери тынчтыкты орнотуунун жолдорун талкуулаганы Ооганстанга биринчи жолу ушул дем алыш күндөрү келди.28-октябрда Ооганстандагы ок атышууну токтотуп, 18 жылдык согушка чекит коюуга багытталган тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жаңы айлампасы Кытайда башталганы турат. Эки күндүк сүйлөшүүгө катышуу үчүн «Талибан» кыймылынын делегациясы Бээжинге келди. Кыймылдын расмий өкүлү Сухаил Шахиндин буга чейин айтканына караганда, Кытай «Талибандын» делегациясын оогандардын ич ара диалогуна катышууга атайын чакырган.

Кытайдагы тынчтык сүйлөшүүлөрү АКШнын президенти Дональд Трамп сентябрь айында «Талибан» кыймылы менен бир жылдан бери болуп келе жаткан сүйлөшүүлөрдү токтотуп койгон учурдан кийинки мезгилге туш келди. «Талибан» кыймылы менен бир жылдан бери болуп келе жаткан сүйлөшүүлөрдү токтотууга куралдуу топ жайкын тургундар арасында чектен чыккан жардырууларды уюштурганы, андан америкалык жоокердин да курман болгону себеп болгон. Бирок ошондон кийин талибдер алдын ала макулдашылган тынчтык келишиминин талаптарын аткарууга даяр экенин билдиришкен.

АКШ Ооганстандагы вазийпасын улантат

Куралдуу топ АКШнын чабарманы менен болгон сүйлөшүүлөрдө Ооганстандан чет өлкөлүк аскерлер чыгып кетиши керек деп келишкен. Ошол эле кезде Вашингтон Ооганстанды согушкер топтор плацдарм катары пайдалануусуна жол берилбешине кепилдик болушу керектигин талап кылган.

АКШнын Ооганстан боюнча чабарманы Залмай Халилзад сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учурагандан бери биринчи жолу Кабулга ушул дем алышта келди.Ал 27-октябрда Ооганстандын президенти Ашраф Гани жана башкы аткаруучу Абдулла Абдулла менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анда «Ооганстанда тынчтыкты орнотуунун жолдору» талкууланды. Ооган саясатчысы Саид Хамед Гейлани да Халилзад менен жолукканын, АКШнын чабарманы «талибдер менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантуу мүмкүнчүлүгү бар экенин» ишарат кылганын «Твиттерге» жазды.

Халилзад Кабулдан мурда бул айда Исламабадда, Брюсселде жана Москвада да сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Вашингтон менен катар Кытай, Пакистан, Орусия да Ооганстандагы тынчтыкка жетишүү максатында талибдер катышкан ар кандай деңгээлдеги жолушууларды уюштуруп келе жатышат. 25-октябрда Кошмо Штаттардын, Пакистандын, Кытайдын жана Орусиянын өкүлдөрү Москвада жолугушту. Алар бир ооздон сүйлөшүүлөр, анын ичинде Кошмо Штаттар менен талибдердин ортосундагы түз сүйлөшүүнүн эртерээк жанданышы Ооганстанда тынчтык орното турган жалгыз жол экенине токтолушту.

Талибдер Ооганстандын дээрлик жарымын көзөмөлдөйт же таасири күчтүү деп айтылууда. Алар 18 жылдан бери Ооганстандагы эл аралык коомчулук тааныган өкмөткө каршы согушуп, коопсуздук күчтөрүн жана бийлик өкүлдөрүн бутага алган чабуулдарын байма-бай уюштуруп келет.

Ак үйгө 2020-жылы мусулман президент болчудай.

Түбү сенегалдык Американын хип-хоп аткаруучусу Алиум Дамала Бадара Эйкон «Тиам» гезитине берген маегинде 2020-жылда АКШда өтө турган президенттик шайлоолорго ат салышаарын билдирди. Ал ошондой эле Сенегалдын туристтик шаарларында виртуалдык валюта базарын ачуу долбоорун уланта бере турганын кошумчалап кеткен.
Эйкон президент Дональд Трампты сынга алып мындай деген: Мен Американын учурдагы абалына тынчсызданам жана өлкөдө зордук-зомбулук күчөп жатканына жаным кейийт.Белгилей кетсек, Эйкон акыркы мезгилдерде Африка өлкөлөрүндө кайрымдуулук иштерин алып барууда жана ал жерлерде мектептерди, ооруканаларды курууда. Бул тууралуу ИКНА агенттиги News 24th маалымат порталына шилтеме берип маалымдады.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями