Айтматов менен элчинин соту. Түрк элчиси соттук отурумга келбей койду
Коом  |   |  416

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурунку тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фыратка карата доо арызы каралууда. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка таянсак, доо арыз былтыр 1-ноябрда берилген. Иш боюнча үчүнчү жак катары ТИМ жана «ПроМедиаПлюс» коомдук фонду тартылган.

Чыңгыз Айтматовдун уулу намысын коргоо үчүн жарандык доо арызын берген. Аскар Айтматов түрк элчисинен ФЕТӨ (террордук уюм) уюмуна тийиштиги бар деген айыптоосун жокко чыгарып, эл алдында кечирим суроосун талап кылууда.

Соттун билдирүүсүндө, 2 жолу отурум болуп, ага элчи келе алган эмес. Кийинки соттук отурум 24-январда болот.

 


Булак:NazarNews.kg

 

  

Поделитесь с друзьями