Айсулуу жана Назира дагы бир ирет дүйнөнү багындырышты
Спорт  |   |  1290

Күрөш боюнча кыз-келиндер арасында дүйнөлүк рейтингдин сап башында турган Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова Түркияда өткөн эл аралык мелдеште дагы жеңишке жетип, алтын медаль тагынды. Ал 62 килограммдык салмактар арасында атаандаштарынын баарын утуп, финалдык таймашта Азербайжандык Татьяна Омельченконун үстүнөн таза жеңишке жетти.

Ошондой эле, бул эл аралык мелдеште дагы бир мекендеш кызыбыз Назира Марсбек кызы да биринчи орунду багындырды.  Ал 59 килограммдык салмакта күч сынашкан. Ал эми 76 килограммдык категорияда Айпери Медет кызы күмүш медал менен сыйланды.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями