Айнура Салахидинова, ырчы: “Ата-энелик милдеттин бирөөсүнөн кутулдук”
Маданият  |   |  537

-2019-жыл эмнеси менен эсиңизде калды. Деги эле сиз үчүн кандай жыл болду? Кандай ийгиликтерге жетише алдыңыз?

- Ушул жылы көптөн күткөн тилектерибиз орундалгандыктан биз үчүн бул жыл эң кубанычтуу жылдардан болду десем жаңылышпайм. Эң башкысы балдарыбызды сүннөтткө отургузуп элден бата алып, ата-энелик милдеттин бирөөсүнөн кутулдук. Экинчиден, кыялыбыздагыдай ак өргөлүү болдук. Кызыбыздын биринчи кадам шилтегенине күбө болуп, анын тушоосун кесип, ак өргөбүзгө бата алып чоң той бердик. Бул биздин эсте калган жакшылыктарыбыз. А чыгармачылыкта болсо жакшы ырларды жаздырып, клиптерди тарттырып жакшы эмгектендим.

Булак: "Фабула" 

Поделитесь с друзьями