Айдана Дека: “Эне болуу бактысына ээ болоорумду билгенде кубанганым азыр да көз алдымда”
Маданият  |   |  661

-2019-жыл эмнеси менен эсиңизде калды. Деги эле сиз үчүн кандай жыл болду? Кандай ийгиликтерге жетише алдыңыз?

- 2019-жыл мага эң унутулгус көз ирмемдерди тартуулаганы менен эсте калат. Ушул жыл дайыма менин жүрөгүмдө эң мыкты жыл болуп калат. Себеби жыл башында кыялымдагы үлпөт көйнөктү кийип, өзүм сүйгөн жигитке турмушка чыгып, бир башым экөө болуп, бактымды таап, бир үйдүн кожойкеси болдум. Турмушка чыкканга чейин кыялдангандай үлпөт тоюн өткөрүп, жолдошум менен бирге эң кооз жерлерге барып бал айыбызды өткөрүп келдик. Бул да мен үчүн эң унутулгус күндөрдөн болду. Эң кубанычтуу кабарыбыз, наристе күтүп жатканым десем болот. Эне болуу бактысына ээ болоорумду билгенде кубанганым азыр да көз алдымда. Кудайым буюрса, 2020-жыл да биз үчүн мыкты жылдардан болот деп жатам. Себеби жыл башында наристебиздин жытын искеп, башыбызга баш кошулганы турат. Кудай буюрса, бул кубанычтуу кабар менен да бөлүшөбүз.

Булак: "Фабула"

Поделитесь с друзьями