Аида Касымалиева ИИМдин орун басарына: Аялдардын өлүмү сиз үчүн кылмыш эмеспи?
Саясат  |   |  494

Бүгүн, 15-январда Жогорку кеңештин жыйынында үй-бүлөлүк зомбулук маселеси каралды. Ички иштер министринин орун басары Памир Асанов депуттаттар берген суроого жооп бере албай, алардын кыжырына тийди.

“Сиз берилген суроолорго жооп бере албай жатасыз, сиздин жоопторуңуз кичинекей баланыкындай. Статистикаңыз кана? Бул кандайча болушу мүмкүн? Бул жерге келээрден мурда дайынданып келиш керек болчу. Уят. Даярданыш керек да. Суроолорго жооп бериңиз, сандарыңыз чачырап жатат”,- дейт Памир Асановдун жоопторуна жини келген Аида Касымалиева.

Касымалиеванын айтымында аялдардын өлүмү бул алкоголдон болуп жаткан жок.

“Эгер алкоголдон болгондо эркетер дагы өлмөк. Бул аялдарга болгон зордук-зомбулук. Бирок, бул сиз үчүн кылмыш эмес”,- дейт төраганын орун басары.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями