Айчүрөк Султанова, ырчы: “Аял затына тиешелүү көп иштерди бүтүрдүм”
Маданият  |   |  466

-2019-жыл эмнеси менен эсиңизде калды. Деги эле сиз үчүн кандай жыл болду? Кандай ийгиликтерге жетише алдыңыз?

- 2019-жыл жакшы жылдардан болду десем болот. Аял затына тиешелүү көп иштерди бүтүрдүм. Чыгармачылыкка да көңүл буруп, жаңы ырлардан жаздырдым. Көптөн эңсеп жүргөн гүл жасоо ыкмаларын үйрөндүм. Кошумча каражат табуу менен бирге, өз кардарларыма жагымдуу маанай да тартуулап жаттым. Тамадалык кесипти да аркалап баштадым. Мындан сырткары уулум Марлендин чыгармачылыгына катуу киришип, 14-февралда Кыргыз улуттук филармонияда жеке концертин уюштуруп жатам. Азыр концерттин даярдыктары менен алек болуп, жаңы ырларды жаздырып жатабыз. Жалпы жолунан алганда 2019-жыл түшүмдүү жана ийгиликтүү жыл болду десем болот.

Булак: "Фабула"

Поделитесь с друзьями