Афганистандын Кыргызстандагы элчиси алмашат
Саясат | 

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 17-январында КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Афганстандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мохаммад Исса Месбахты анын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын аяктаганына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министринин басма сөз кызматы билдирди.

Өткөн жылы Афганистандын Чоң жана Кичи Памириндеги этникалык кыргыздардын абалын жакшыртуу боюнча маселелерге эң чоң маани берилгендиги белгиленди.

Кыргыз-афган мамилелеринин өнүгүшү боюнча жасаган иштери жана Кыргызстан менен Афганистандын ортосундагы достук мамилелердин бекемделишине кошкон салымы үчүн Ч.Айдарбеков И.Месбахка ыраазычылык билдирди.

Ал эми, биргеликте жемиштүү иштешишкендиги жана анын демилгелерине толук көмөк көрсөтүшкөндүгү үчүн Афганистандын Элчиси кыргыз тарабына ыраазычылыгын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями