Адахан Мадумаровга кызмат сунушталса кабыл ала турган болду
Саясат  |   |  1073

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасы жергиликтүү басылмалардын бирине интервью берип жатып, кызмат сунушталса кабыл ала тургандыгын айткан. Бирок, “ал кызмат элге пайда алып келүүсү керек”, - деген ойдо саясатчы.

Ал эми социалдык тармактарда Адахан Мадумаровго Кыргызстандын Тажикстандагы элчилик кызматын сунуш кылып жатышат.

Буга чейин “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасы 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоого катыша турган ниетин билдирген. Качан парламенттик шайлоонун так датасы расмий түрдө аныкталгандан  кийин партия съездин өткөрүп, тизме аныкталат. Анда тизмени Адахан Мадумаров өзү жетектей тургандыгы белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

 

Поделитесь с друзьями