4 жыл бою өз кызын зордуктаган ата “жан жеринен” айрылат
Кылмыш жана кырсык  |   |  34793

Соттук тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, 47 жаштагы казакстандык жаран 13 жашка толгон кызын алгачкы жолу зордуктаган. Кийин кызын коркутуп, төрт жыл бою төшөк катнашына барып жүргөн. Бул тууралуу маалыматты kaz.nur.kz жазып чыкты.

Өткөн жылы күзүндө 17 жаштагы кызы сабактан үйгө кечигип келет, ага ачууланган атасы аны үйдөн кууп чыгат. Андан соң кыз апасына бардык чындыкты айтып бергенден кийин ал полицияга арызданган. Көп узабай зордукчул ата кармалып, ага кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Соттук-медициналык кароодон өткөн ата куландан соо чыккан жана ал расмий түрдө педофиль деп табылган.

Сот мыкаачы атаны күнөөлүү деп таап, 17 жылга камакка алган. Жакынкы аралыкта ал химиялык кастрацияга кабылып, жан жери менен түбөлүк кош айтыша турган болду.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями