4-кабаттан кулаган кыздын көк боорун алып салышты
Кылмыш жана кырсык  |   |  1183

15-январь күнү Бишкек шаарынын Жибек-Жолу жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 4-кабатынан кулап кеткен кыз жандандыруу бөлүмүнөн жөнөкөй палатага которулдуу. Учурда анын абалы туруктуу-оор бойдон сакталууда.

Кулаган маалда кыздын көк боору жарылып кеткен болчу. Операциялык кийлигишүү маалында анын көк боорун алып салуу чечими кабыл алынган. Андан сырткары кыздын кулагы тунуп, жакшы укпай жатат. Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями