15 жаштагы кыз: Ал мени зордуктап, бирөөгө айтсаң мындан жаман болот деп коркутту...
Коом  |   |  1404

Буга чейин жергиликтүү ММКнын бирине Токмоктун Альфия аттуу тургуну укук коргоо органдарына анын 15  жаштагы К. Д. аттуу кызын 16 жаштагы Ш. Ш. аттуу окуучу өспүрүм зордуктап койгон деген арыз менен кайрылган.

 Ал эми өспүрүм Ш. Ш. зордуктоо болбогонун жана болгон окуя эки тараптын макулдугу менен болгондугун айтууда.

Бул тууралуу 15 жаштагы кыздын апасы 2020-жылдын 12-январында гана угуп, 13-январда укук коргоо органадарына кызын зордуктаган деген кишиге чара көрүүнү сурап кайрылган. Аялдын айтымында кызы апасын эки операцияны башынан өткөргөндүктөн, аяп айткан эмес.

Окуяны кыз өзү: “Мен Ш. Ш. менен  Instagram аркылуу таанышканмын. Мага эч качан мындай маселеде кыйытып да айткан эмес. Кийинчерээк достошууну сунуш кылган. Бирок мен кичинекеймин деп баш тартып койгомун. Апам дагы ага кызымдын жанында дос жана ага катары гана жүрүшүң мүмкүн деп эскерткен.

2019-жылы ал мени үйгө жеткирип коем деп айткан. Андан кийин мени таштанды үйгө алып кирип, күч колдонуп зордуктап салды. Кийин бирөөгө айтсаң, мындан жаман болот деп мени коркутту”,-деп айтып берген.

Бул окуядан көп өтпөй 15 жаштагы кызга социалдык тармактан башка бирөөлөр жазышып, өспүрүм менен болгон интимдик байланыш жөнүндө сурап жаза беришкендиктен, апам эртеби, кечпи билет деп баштан өткөнүн апасына айтууну чечкен.

К. Д. аттуу кыздын 45 жаштагы апасы Ш. Ш. өз кылган ишине жаза алышына үмүт артаарын айтты.

Булак:NazarNews.kg

 


 

Поделитесь с друзьями