www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажрыйбасы “нөл” Самара Каримова жетекчиликке татыктуубу?

Гүлжан Шерипбаева 29-июль 2017, 18:46

Маданият жана адабият Редакциянын тандоосу


Тажрыйбасы  “нөл” Самара Каримова жетекчиликке татыктуубу?

Кыргызстанда бир-эки жолу ырдап, түстүн баарын чаптап, желимден кирпик, кыскасын айтканда, кабактан баш, калемден каш коюп чыга калсаң бүттү жылдызсың. Тилекке каршы мындай жасалма жылдыздар тактап айтканда "лампочкалар" дагы эмес, "кытайдын шамдары" көбөйдү. Ал тургай сахнада тейтеңдеп ары-бери чуркап койсо дагы жылдыз аталып, наам алгандарга оозуң Ошту карап ачыла турган болду.

Эми дагы оозуңар Ошту карап ачылат. Алсак Самара Каримова деген ырчы бар, ырдын сөздөрүн бузуп ырдап, атасындай болгон Асан мырзага турмушка чыгып, акчанын артынан алдыга чыга келген так ошол Самара Каримова, Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин башкы директору болуп дайындалыптыр. Өзү болгону 26 жашта, тажрыйба деген “нөл”, Самара Каримова жетекчиликке татыктуубу? 80 ден ашуун кызматкери бар музейдин ишин Самара Каримова алып кете алабы же жокпу аны бир Кудай билет. Кашын кагып ырдап түшүп кеткендей мамлекеттик иш сахна эмес. "Кадр" маселеси “кадыр” маселесине өтүп кеткени туура эмес го чиркин.

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (2)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Sveta Abdyldaeva, 30-июль 2017, 23:17
Сиздин ордунуз беле?
Ассоль Шаршенбаева, 28-июль 2017, 21:34
Эми иштеп корсун,мумкун таланты бардыр.Иштей албаса алып салыш онойго...
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549